Кыркырхан

тарыхый мамлекет.

Кыркырхан, Каркар(а)хан — орто кылымда Кимак каганатынын курамындагы өзэркин Энесай кыргыздарынын мамлекеттүүлүгү.

Каркырхан
автономия
750 — 1035



Борбор калаа Дахлан, Аягөз
Ири шаарлары Карантия, [1] Хирхир, Хакан-Хирхир,[2] Дараид Хиргир[3], Нашран
Тил Кимак тили, Байыркы кыргыз тили
Дин Ислам
Калк Энесай кыргыздары, Кимактар
 -  Бейгу[4]
 - {{{башкарган_жылы2}}} Козу Керпеч (Козу Көрпөч)
Өтүүчүлүк
Кимактар
Улуу Кыргыз дөөлөтү

Аталышы түзөтүү

«Худуд ал-Алам» боюнча Кыркырханда жайлаган элдин үрп-адаты кыргыздардыкына окшош болгон. В. Ф. Минорский аны Иртыш дарыясынын түштүгүндөгү Каракаралы шаары менен салыштырган. Тарыхчылар Б. Е. Кумеков Кыркырханды ал-Идрисинин «Нузхат алмуштак» аттуу эмгегиндеги Тарбагатай тоо кыркасынын «Гиргир» деген аталышка байланыштырса, Ө. Караев Ысык-Көлдүн чыгышындагы Каркыра жайлоосу менен байланышы бар болушу мүмкүн деп божомолдойт.

Жайгашуусу түзөтүү

«Манас» эпосу боюнча Каркырахандын аймагы Жети-Суу, Талас өрөөнү жана Сыр-Дарыянын орто агымындагы жерлерди камтыган. Чындыгында Каркырахандын аймагы борбору Дахлан менен Балхаш көлү менен Алтайдын ортосунда жайгашкан. Каркырахан орто кылымдардагы жазма булактарда «Кыркырхан», кээде «Хыркыр» деп да аталат.

Тарыхы түзөтүү

8-кылымдын ортосунда карлуктардын негизги бөлүгү Иртыштан чыгып кеткенден кийин, кимак-кыпчак урууларынын курамындагы Энесай кыргыздарынын айрым топтору Алтайдын түштүк-батыш тарабына көчүп кетишкен. Жаңы аймактарда Каркырахандын энчиси түзүлгөн. Кыргыз каганатына союздаш болгон Каркырахан мамлекети 840-жылдары Уйгур каганатын талкалоого катышкан.

Мурасы түзөтүү

Каркырахандын урпактары келген кыргыздардын башкы топторуна, ошондой эле кыпчактардын, башкырлардын, карлуктардын курамына кирген. Башкыр элинин курамында Сыр-Дарыянын орто агымындагы аймактардан чыккан ири кыргыз уруусу кирет.

 
Сыр-дарыясынын картасы.

Алтайдан Уралга чейин кыргыз этникалык компонентинин андан ары кеңейиши «кыргыз», «кыргыз-кайсак» этнониминин таралышына өбөлгө түзгөн, аны Оруссия жаңылыш түрдө казактарды деп белгилеген.

Караңыз дагы түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. http://megamozg.kz/index.php?page=theory&theme=kimakskiy_kaganat
  2. https://e-history.kz/ru/history-of-kazakhstan/show/9119/
  3. https://kghistory.akipress.org/unews/un_post:7356
  4. http://www.orientalstudies.ru/rus/images/pdf/journals/p_ts_1970_11_agadzhanov.pdf