Күнөс топоним. «Манас» эпосунда Көзкамандар Манасты ууландырганын билген Каныкей Манастын кийимин кийинип, «Манастап» ураан чакырып Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу аркылуу Күнөс, Жылдыз, Кош-Талаадан өтөт (Курама вариант, 1. 285). Географиялык реалияда Иле дарыясынын баш куймаларынын бири.

Күнөс — «Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери, казак балбаны. Нескара менен болгон уруштагы калмак балбаны Даң-даңдын колунан курман болуп, жер анын атынан Күнөс аталган делет (Сагымбай Орозбаков, 1. 219— 220).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4