Көзкаман«Манас» эпосунун каарманы. Жакыптын бир тууганы. Өз ысымы Үсөн. К. — ылакап аты. Калмактардын арасында көп жыл жашап калмакча атка конуп калган. «Манас» эпосундагы К-дын жана анын балдарынын (айрым варианттарда туугандары, алардын балдары) Манаска душмандык иштерине байланыштуу айтылган чоң эпизод Үсөндүн ылакап аты менен К-дар окуясы деп аталат. Сагымбай Орозбаковдо гана Үсөн кары балдарынын Манасты өлтүрүшүнө каршы болот. Балдары тилин албай койгон соң Манаска кымызга кошуп ууну кесип кетүүчү дары ичирет. Ал эми Саякбай Каралаевдин вариантында К. менен Көкчөкөз бир тууган делип, арамдык иштерин чогуу аткарышат, к. Көзкамандар, «Манастын» сюжетиндеги Көзкамандар окуясын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4