Көктоңду[2]Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы айыл. Могол айыл аймагына караштуу. Ачы токой чарбасынын аймагында. Кара-Үңкүр суусунун оң өйүзүндө, Базар-Коргон — Арстанбап жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1040 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 32 км түндүк тарапта. Облустун борбору жана темир жол бекети Жалал-Абад шаарынан 65 км аралыкта. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы ― 4201 киши (2023-жылы)[1]; негизинен токойчулукта, дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана жана фельдшердик акушердик пункт бар. Кыштакта кыргыз телекөрсөтүүсүн негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз Республикасынын эл артисти Б. Каипов туулган.

Отурукташкан жай
Көктоңду
Район Кыргызстан
Координаттар 41°14′28″ с. ш. 72°58′02″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1932
Борборунун бийиктиги 1040 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 4201 [1] адам (2023)
Сандык идентификаторлор
Көктоңду (Кыргызстан)

Колдонулган адабияттар түзөтүү