Көкөмерен капчыгайы
Жалпы маалымат
Жайгашкан жери Нарын облусу
Узундугу 46 км
Деңиз денгээлинен бийиктиги 1450 м

Көкөмерен капчыгайыИчки Теңир-Тоодо субмеридиан багытта жайгашкан антецеденттик капчыгай. Жумгал менен Суусамыр тоолорун бөлүп турат. Суусамыр жана Жумгал өрөөндөрүн байланыштырат. Узундугу 46 км, туурасы 40–120м (структуралык чуңкурларда 200 м. Капталынын бийиктиги 600–1450м, тиктиги 30–75°, кээде 80–85°. Баш жагында Сандык-Кишиней капчыгайы (капталы 40–45°) бар. Бул жерге тосмо куруу долбоорлонгон. Андан ылдый кененирээк Ойкайыңды (оң бети 38-40°), андан кийин шагыл-корум, боз граниттүү Бороондуу (Бообек), орто бөлүгүндө Кызылой тектон. өрөөнү, төмөнкү агымында кумдук жана акиташ тегин кескен Көк кайыңды (Курган), Ойтеректен өткөндөн кийин түштүк чыгышка бурулуп, кууштап, Жумгал өрөөнүнө чыккан жери Үч кумкүнгөй деп аталат. Мында туурасы 150–200 мге жетип, сол жагында палеогендин кызыл чополуу конгломераты бар. Капчыгайдын чарбалык мааниси чоң ; ГЭС каскаддарын курууга өтө ыңгайлуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү