Көркөм өнөр, (орус. Искусство), (англ. Fine arts, Arts), көркөм чыгармачылык — коомдук аң–сезимдин ар кыл өнүгүү баскычын көркөм бейне, көркөм чагылдыруу каражаттары аркылуу элестүү сыпаттоо, мүнөздөө жана чагылдыруу ыкмаларынын жыйындысы.

Көркөм өнөр.

Көркөм өнөр адамзаттын рухий маданияты менен чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн өзгөчө маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Көркөм өнөргө сүрөт өнөрү, музыка, театр, көркөм адабият, кино, архитектура, ж.б. кирет.