Лазистан
тарыхый аймак.
Лазстан – Түркиянын түндүк-чыгышындагы табигый аймак. Чыгыш Понт тоолорунун Кара деңизди караган түндүк капталын ээлейт. Бийиктиги 3931 мге чейин (Лазстан кырка тоосундагы Качкар чокусу). Капталдарында терең дарыя өрөөндөрү бар. Климаты субтропиктик, жаан-чачын жыл бою мол жаайт (2–3 миң мм). Жээк тилкесинде тамеки, жүзүм, жүгөрү, фундук, цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Кырка тоо этектерине эмен, ак чечек, бук, граб жана дайыма жашыл бадал аралаш токой, андан жогору карагай, көк карагай жана тоо шалбаасы мүнөздүү. Байыркы муз каптоо доорунда Лазстандын аймагын жылуучул өсүмдүктөр менен жаныбарлар байырлаган.
Отурукташкан жай
Лазистан
|
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7