Лев Николаевич Гумилёв (01.(жаңыча - 14.).10.1912, Орусиянын Царское Село жергеси — 15.06.1992, Санкт-Петербург шаары) — советтик жана орусиялык чыгыш таануучу, түрколог, тарыхчы, этнолог, географ, публицист, котормочу, тарых илимдеринин доктору, профессор. Ал этногенездеги пассионардык теориянын негиздөөчүсү болгон.

Лев Гумилёв (1934).

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Лев Николаевич Гумилёв 1912-жылы 1-октябрда (жаңы стил менен 14-октябрда) Орусиянын Царское Село кыштагында туулган. Атасы – белгилүү орус акыны Николай Степанович Гумилёв, энеси – таялары жагынан түпкү теги татар болгон орустун дагы бир чыгаан акыны Анна Андреевна Ахматова (кыз кезиндеги тегаты - Горенко; 1889-1966).

Анна Ахматова өзүнүн тайенесинин түпкү теги Алтын Ордону бийлеген хан Акматтын (Ахмат) урпактарына барып такалат деп санагандыктан, "Ахматова" деген адабий ысымды тандап алган жана уулунун орус эмес калктардын, анын ичинде түрк элдеринин тарыхын үйрөнүүсүнө таасир тийгизген.

Бала чагында Левди Тверь губерниясындагы Бежецк үйөзүнө караштуу Слепнёво кыштагында байырлаган чоң энеси тарбиялаган.

 
Лев Гумилёв ата-энеси менен.

1917-29-жылдары Бежецк шаарында жашаган.

1926-29-жылдары Бежецк шаарындагы № 1 мектепте окуган.

1930-жылдан тартып Ленинград шаарында жашаган.

1930-34-жылдары Саян тоолоруна, Памир аймагына жана Крым өрөөнүнө илимий экспедицияларга катышкан.

1934-жылдан тартып Ленинград университетинин тарых факультетинде окуй баштаган.

1935-жылы университеттеги окуудан чыгарылып, камакка алынган. Энесинин өтүнүчүнө ылайык абактан бошотулган. 1937-жылы университетке кайра кабыл алынган.

1938-жылы март айында, ЛМУнун студенти кезинде, кайрадан камакка алынат. Аны сталиндик сот беш жылга абакка кескен. Аны менен кошо кесилген ЛМУнун студенттеринин арасында Ерехович, Николай Петрович менен арабист, чыгыш таануучу жана котормочу Шумовский, Теодор Адамович да болгон.

Ал Норильлаг деген лагерде отурган.

1939-жылдын 21-сентябрында Гумилёв Норильлагдын 4-лагердик бөлүмүнө которулган. Мында ал жер казгыч, кенчи, китепканачы, техник, геолог жана ал түгүл химик-лаборант кызматында да иштеген.

Абак мөөнөтү бүткөн соң, аны бийликтер баары бир Норильск шаарында башка эч жакка чыгуу укугу жок калтырышат.

Ал 1944-жылы 13-октябрда Туруханск райаскеркомиссарияты аркылуу өз ыктыяры менен Улуу Ата мекендик согушка аттанат. Биринчи Беларус фронтунда 31-зениттик артиллериялык дивизиянын 1386-зениттик-артиллериялык полкунда зениттик батареянын курамында зениттик куралды башкарат.

Жоокер Л.Гумилёв Чыгыш Померанск, Висла-Одер жана Берлин чабуулдарына катышкан.

Кызыл Армиядагы аскердик жетекчиликтеги ага карата шектенген мамиленин айынан Л.Н.Гумилёв болгону «Германияны жеңгендиги үчүн» жана «Берлинди алгандыгы үчүн» меджалдары менен гана сыйланган.

Лев Николаевич Гумилёв өзү бул тууралуу эскерип жатып Archived 2013-06-18 at the Wayback Machine, ал түгүл Тойпице шаарында Лев Гумилёв немистер жакындап калганын биринчи болуп көрүп, батареяны фашисттик чабуулдун мизин майтарууга чакырган кезде да аны батареянын командири, ага лейтенант Фильштейн деген киши эч сыйлыкка көрсөтпөй койгонун айтканы бар.

Лев Гумилёв майданда жүрүп согуш темасында ырлар да жазган.

1945-жылы 25-сентябрда Кызыл Армиядан үйгө жиберилет. Ошол эле жылы ЛМУга кайра студент болуп өз курсуна кабыл алынат. Бул жогорку окуу жайын 1946-жылдын башында аяктайт.

1946-жылы Л.Гумилёв СССР ИАсынын Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмүнө аспирантурага кабыл алынат.

1946-жылы 14-августта ВКП (б) Бкнын «Звезда» жана «Ленинград» журналдары тууралуу» токтому ячыгат. Анда Л.Гумилёвдун энеси, акын Анна Ахматова большевиктик катаал сынга кабылган. Бул токтомдун айынан Лев Гумилёв «тандап алган адистигине филологиялык даярдыгы ылайык келбегендигине байланыштуу» деп чүргөлгөн «жүйөнүн» негизинде аспирантурадагы окуусунан четтетилет.

1948-жылдын 28-декабрында ЛМУда кандидаттык диссертациясын коргойт. Анын иши «Биринчи Түрк каганатынын толук саясий тарыхы» («Подробная политическая история первого тюркского каганата») деген темага арналган.

Л.Гумилёв СССР элдеринин этнографиясы музейине (Кунсткамерага) илимий кызматкер катары ишке алынат.

1949-жылы 7-ноябрда кайрадан камакка алынат. СССР Ички иштер эл комиссариатына караштуу Өзгөчө Кеңешме (Особое Совещание при НКВД СССР) тарабынан он жылга абакка кесилет.

Л.Гумилёв Казакстандын Караганда шаарына жакын Шерубай-Нура деген жердеги (азыркы Абай шаары) өзгөчө абакта кармалган. Андан соң Сибирдин Саян тоолорундагы Кемерово аймагынын Междуреченск шаарынын жанындагы лагерде болот.

1953-жылы июнда Камышлаг жергесиндеги башка абактагылар менен чогуу Омск шаарына жиберилип, мында мунайзат комбинатын курууга катышат.

1956-жылы 11-майда Л.Гумилёв кылмыш жасабагандыгы тастыкталып, акталган. Омск шаарынан 1956-жылы 14-майда чыгып кеткен.

1956-жылдан тартып Санкт-Петербургда (мурдагы Ленинград шаарында) Мамлекеттик Эрмитаждын китепканачысы болуп иштеп калат.

1961-жылы «VI—VIII кылымдардагы байыркы түрктөр» («Древние тюрки VI—VIII вв.») деген темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, тарых илимдеринин доктору илимий даражасына ээ болот.

 
Лев Гумилёв.

1974-жылы география илимдери боюнча «Этногенез жана Жердин биочөйрөсү» («Этногенез и биосфера Земли») деген темада доктордук диссертациясын коргойт, бирок 1976-жылы 21-майда ага экинчи доктордук наам берүү сунушу четке кагылат.

1967-жылы Лев Гумилёв сүрөтчү Наталья Викторовна Симоновская (09.02.1920 — 04.09.2004) айым менен никелешет.

1990-жылы 15-майда Орусия географиялык коомунун Географиялык системалардын синергетикасы бөлүмчөсүнүн жыйынында этногенез жаатындагы пассионардык теориянын 25 жылдыгы белгиленип, бул жыйында илимпоз Л. Г. Колотило мырза Лев Гумилёвго СССР ИАсынын академиги наамын берүү сунушун айткан. Бирок Л.Гумилёв академиктикке шайланган эмес.

1991-жылы ал Орусиянын Табигый илимдер академиясынын академиги болуп шайланган.

1986-жылы ардагердикке чыкканга чейин Лев Гумилёв ЛМУнун (азыркы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин) География боюнча илимий изилдөө институтунда эмгектенди.

Лев Гумилёв 1992-жылдын 15-июнунда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында дүйнөдөн кайтты.

Анын сөөгү Петербургдагы Александр Невский лаврасы аттуу христиандардын православ кечилканасына караштуу Никольск көрүстөнүндө жерге берилген.

Гумилёв жана тарых илими түзөтүү

Лев Гумилёв элдердин келип чыгышы жана этностук өнүгүш жүрүмү тууралуу оригиналдуу иликтөө усулдарын сунуштаган. Ал этногенез жүрүмүн киматтык, геологиялык, географиялык, археологиялык, булак таануучулук илимий иликтөөлөрдү айкалыштыруу менен изилдөөгө чакырган.

Ал этногенез жаатындагы пассионардык теория деген илимий жоромолду иштеп чыккан.

Анын бул илимий жоромолу азыр да колдоочулардын жана четке каккан сынчылардын талкуусунун бутасына айланып келет. Ошондуктан анын пассионардык теориясы илимде жалпы кабыл алынган теория катары саналбайт.

Ошону менен катар Л.Гумилёвдун теориясынын жана түрк калктарынын тарыхы тууралуу илимий пикирлеринин азыркы тарыхнаамада чыгыш славяндардын тарыхый коңшуларынын тарыхына карата калыс мамиледе болууга чакырган чоң ролун баса белгилегендер да арбын.

Л.Гумилёвдун хун жана түрк таануудагы салымы түзөтүү

Лев Гумилёв байыркы хундардын жана орто кылымдардын эрте мезгилиндеги Улуу Түрк каганатынын тарыхый орду тууралуу өзөктүк илимий эмгектери аркылуу советтик тарыхнаамада жаңы толкун баштаган.

Анын эмгектери бул мамлекеттердин жана аларды негиздеген түрк тилдүү этностордун жалпы адамзаттык цивилизацияга кошкон салымдарын калыс иликтөөнүн өрнөгү болуп калды.

Кыргыз айдыңдары Л.Н.Гумилёв тууралуу түзөтүү

Кыргызстандык илимпоздор, публицисттер, жазуучулар жана башка айдыңдар Л.Н.Гумилёвду өтө жогору баалаган жана айрым учурда аны сынга алган ар кыл пикирлерин айтып келишет.

Л.Н.Гумилёвду алкаган айдыңдардын арасында маркум академиктер Чыңгыз Айтматов менен Түгөлбай Сыдыкбеков, азыркы эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана башкалар бар.

Кыргыз жазуучусу Токтобай Мүлкүбатов кыргыздар өздөрүн таанышы үчүн Лев Гумилевдин эмгектерин толук кыргызчалашы керек деген пикирде:

«Лев Николаевич Гумилевдин “Жердин этногенези жана жандуу чөйрөсү”, “Байыркы түрктөр” деген эки чыгармасы гана кыргызчага которулган. Менин оюмча, Гумилевдун дагы көптөгөн эмгектерин кыргызчалообуз керек. Ошондо гана тээ байыркы тарыхыбыз чубалып чыгат» ("Азаттык үналгысы". 30.10.2012).

Бир катар кыргыз тарыхчылары Л.Н.Гумилёвдун пассионардык теориясын анчейин колдой беришпейт. Алардын бири, тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты Жаныбек Жакыпбековдун пикири:

«Гумилев пассионардык теорияны көтөрүп чыккан киши да. Бул теориянын маңызы мындай: коом өнүккөндө улут тарыхта калабы же жокпу? деген суроо жаралат. Ошол кезде пассионардык шыкак болсо, эл өзүнүн изин калтырат делет. Бул жагынан алганда Гумилевдун теориясы тарыхка эмес биологияга жакын» ("Азаттык үналгысы". 30.10.2012).

Наамдары. Сыйлыктары түзөтүү

  • «Германияны жеңгендиги үчүн» («За победу над Германией») медалы (1945)
  • «Берлинди алгандыгы үчүн» /«За взятие Берлина») медалы (1945)
  • Орусиянын Табигый илимдер академиясынын академиги (1991)

Эстутум түзөтүү

Пост-советтик Орусияда, Кыргызстанда, Казакстанда ж.б. өлкөлөрдө Лев Гумилёвду чыгаан чыгыш таануучу катары сый-урмат менен эскерип келишет.

  • Казакстандын борбору Астана шаарында жайгашкан Евразиялык улуттук университет 1996-жылы Л.Н.Гумилёвдун ысымы менен аталган.

Евразиялык улуттук университетте 2002-жылы Л.Н.Гумилёвдун өмүрүн жана чыгармачыл мурасын чагылдырган музей-кабинет түзүлгөн.

  • Орусиянын Тверь облусуна караштуу Бежецк шаарындагы № 5 орто мектепте Л.Н.Гумилёвдун ысымы ыйгарылган.
  • Орусиянын Татарстан жумуриятынын борбору Казан шаарында Л.Н.Гумилёвдун айкели тургузулган. 2005-жылы августта орнотулган бул эстеликтин пайдубалына «Бүткүл өмүр бою татарларды айың кептерден калкалап келген орус кишиге (арналат) деп жазылган
Файл:ENU.jpg
Астана шаарындагы Л.Н.Гумилёв атындагы Евразиялык улуттук университеттин имараттарынын бири.
  • Орусияны Башкырстан (Башкортостан) жумуриятынын борбору Уфа (Өфө) шаарында Орусия Илимдер академиясынын Уфа илимий борборуна караштуу Археология жана этнография музейинде Л.Н.Гумилёвдун бедизи орнотулган.
  • 2012-жылдын 30-октябрында (тогуздун айынын 30унда) Бишкекте Кыргыз Улуттук китепканасында атактуу тарыхчы жана ойчул Лев Гумилевдин 100 жылдыгына арналган китеп көргөзмө ачылды жана анын бедизин ачуу салтанаты өттү.
  • 2012-жылдын бештин айынын (декабрынын) 21инде Түркиянын ордосу Анкара шаарында "ТүркСОЙ" уюмунун демөөрчүлүгү астында Лев Гумилёвдун 100 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйын өттү.

Негизги чыгармалары түзөтүү

  • Этногенез жана Жердин биочөйрөсү / (Котор. Т. Мүлкүбатов; Сүрөтчүлөрү А. Н. Карпов, А. Н. Абрамов. — Б.: "Ариал-Принт», 1999. - 596 б. - ISBN 9967-11-054-99.
  • Хунну. - М., Изд. восточной литературы, 1960.
  • «Этногенез и биосфера Земли». — АСТ, Астрель, 2005. ISBN 5-17-031811-1, 5-271-12025-2
  • Конец и вновь начало. — М.: АСТ, АСТ Москва, Хранитель. — 2007 г. ISBN 978-5-17-044877-7, 978-5-9713-5990-6, 978-5-9762-3829-9
  • В поисках вымышленного царства. — Товарищество «Клышников — Комаров и К», 1992. ISBN 5-87495-006-0
  • Древняя Русь и Великая степь. — Астрель, АСТ, 2004. ISBN 5-17-026279-5, 5-271-09769-2
  • Древние тюрки. — М.: Айрис-пресс, 2008. — 560 с. — (Библиотека истории и культуры). ISBN 978-5-8112-3199-7
  • История народа хунну. — АСТ, Люкс, 2004. ISBN 5-17-026629-4, 5-9660-0501-X
  • Тысячелетие вокруг Каспия. -М.: АСТ, АСТ Москва, Харвест, 2008. ISBN 978-5-17-051463-2, 978-5-9713-9145-6, 978-985-16-6196-7
  • Чёрная легенда. — М.: Айрис-пресс, 2008. — (Библиотека истории и культуры). ISBN 978-5-8112-3377-9
  • Древний Тибет. — ДИ-ДИК, 1996. ISBN 5-87583-022-0
  • Открытие Хазарии. — ДИ-ДИК, 1996. ISBN 5-87583-023-9
  • Хунну. Троецарствие в Китае. Хунны в Китае. — М.: Айрис-пресс, 2008. — 624 с. — (Библиотека истории и культуры). ISBN 978-5-8112-3115-7
  • Волшебные папиросы: (Зимняя сказка): Пьеса в стихах //Сов. литература. — 1990. — N 1. — С. 61-72. Написал в Норильском лагере в 1942 году.
  • Осенняя сказка. «Посещение Асмодея». Написал в Норильском лагере в 1942 году.
  • От Руси до России. - М.: Айрис-пресс, 2008. — 320 c.: ил. — (Библиотека истории и культуры).

Л.Гумилёв курган маектер түзөтүү

Файл:Gumilev mogila.jpg
Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Никольск көрүстөнүндөгү Лев Гумилёвдун мүрзөсү.

Ал тууралуу адабият түзөтүү

  • Кыргыздар. Он төрт томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Бийиктик, 2011. - Т. 1-14. - ISBN 978-9967-13-792-9. (Китептин жарыкка чыгышына демөөрчү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаков.
    * Кыргыздардын улуттук маданияты: Тарых. Маданият. Мурас. Салт-нарк. Боордоштордун маданияты / Түз.: К.Жусупов, Ж.Бакашова, К.Иманалиев, М.К.Өмүрбай уулу; Редактору академик Абдыганы Эркебаев. - Б.: 2012. - 972 б. - ISBN 978-9967-26-570-7.
    *
  • Сапаралы, Бейбит Толеубайулы. Раббымыз бiр – күншығыс, күнбатыста. Восток и Запад – один мир. – Т. 2. – Алматы: Қағанат, 2008. – 632 бет. – ISBN 9965-430-76-4.
  • Дёмин В. Н. Лев Гумилёв. Серия: Жизнь замечательных людей. - М.: Молодая гвардия, 2008. Archived 2013-06-18 at the Wayback Machine
  • Pritsak, Omeljan. Khazarian Hebrew documents of the tenth century. (with Golb, Norman). - Ithaca: Cornell University Press, 1982.
  • Pritsak, Omeljan. The Polovcians and Rus // (Journal Article in Archivum Eurasiae medii aevi), 1982.
  • Pritsak, Omeljan. The origin of Rus. - Cambridge, Mass.: Distributed by Harvard University Press for the Harvard Ukrainian Research Institute, 1981.
  • Pritsak, Omeljan. Studies in medieval Eurasian history. - London: Variorum Reprints, 1981.

Гумилёвдун ойлоруна сын пикир камтылган эмгектер түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү