Легендарлуу парламент
Он экинчи чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депуттары 1990-жылы шайланган[1]. Ал 1990-жылдын апрелинен 1994-жылдын сентябрына чейин иштеген жана көз карандысыз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин I чакырылышы болуп эсептелет. 1993-жылдын майынан тартып, жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен Кыргыз мамлекетинин мыйзам чыгаруу органы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши деп атала баштаган.
Тарыхта бул чакырылыш «легендарлуу парламент» деген ат менен калган[2].
Жогорку Советтин (Жогорку Кеңештин) жыйналыштары сессиялык негизде, жылына кеминде эки жолу өткөрүлүп, сессиялардын аралыгындагы мезгилде анын милдеттерин Жогорку Советтин Президиуму аткарып турган. Парламенттин курамы тике шайланган 350 депутаттан турган.
Кыргызстан көз карандысыздык жолундагы алгачкы кадамдарын парламенттик башкаруу түрүндө баштаган. Дал ошол өткөөл мезгилде советтик тоталитардык-буйрукчул режимди талкалоого өзүнүн олуттуу салымын кошкон «легендарлуу парламент» эгемендүү Кыргызстандын көз карандысыздыгынын жана демократиялык түзүлүшүнүн саясий, укуктук жана экономикалык негизи болуп калган бир катар маанилүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алган:
- XII чакырылыштагы парламент тарабынан Эгемендүүлүк жөнүндө декларация (1990-ж.);
- Көз карандысыздык жөнүндө декларация (1991-ж.);
- Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Президентин шайланган (1991-ж.);
- Эгемендүү Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясы кабыл алынган (1993-ж.);
- Мамлекеттик башкы символдору – Желек (1992-жылдын 3-марты), Герб (1994-жылдын 14-январы), Гимн (1992-жылдын 18-декабры) кабыл алынган;
- Улуттук валюта – сом киргизилген (1993-жылдын 3-майы).
XII чакырылыштагы парламенттин 14 сессиясында миңге жакын маселе каралып, 148 жаңы улуттук мыйзам кабыл алынган, жаңы жана мурдагы 105 мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, ошондой эле 964 токтом бекитилген. Кыргызстан көз карандысыздык принцибин иш жүзүнө ашырып, тоталитардык системадан ырааттуу четтөө менен, эгемен мамлекетти кура баштаган.