Лейкопения (лейкоцитопения) — канда лейкоциттин өлчөмүнүн азайышы. Лейкопения кээ бир физиологиялык абалда: адашма нервдин тонусу жогорулаганда, бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышы менен симпат нерв системасынын кызматы начарлаганда же ысык ваннага түшкөндө, ачка болгондо жана башкаларда байкалат. Лейкопения жугуштуу оору менен ооругандан кийин, кайталап кан куюуда, кээ бир дарыларды (сульфаниламид препараттары, амидопирин) ичкенде да болот. Гриппте, лейшманиоздо, ич келтеде, бруцеллёздо, безгекте жана башка ооруларда лейкопения диагностикалык мааниге ээ. Кемикке уу заттар (бензол, кээ бир дарылар) жана иондоштуруучу радиация таасир эткенде лейкопениянын оор түрү пайда болот.

Лейкопения

Лейкопениянын себептери түзөтүү

  • Сөөктүн чучугунун аплазиясы жана гипоплазиясы
  • Сөөк чучугунун химиялык заттар менен, даарылар менен жабыркашы
  • ионизациялык шоолага кармалуу (радиоактивдүүлүк фондун жогорулашы, шоола оорулары)
  • гиперспленизм (алгачкы, экинчи)
  • Курч лейкоз
  • миелофиброз
  • миелодиспластикалык синдромдор
  • плазмоцитома
  • Сөөк чучугунда жаңы пайда болуунун метастазы
  • Аддисон-Бирмердин оорусу
  • сепсис
  • келте жана кара келте
  • анафилактикалык шок
  • коллагеноздор
  • Герпес вирустарынын 6 жана 7 типтерин алып жүрүүчүсү
  • Дары препараттарынын натыйжасы (сульфаниламиддер, кээ бир антибиотиктер, тиреостатиктер, эпилептикага каршы препараттар, антиспазматикалык перораладык препараттар).


Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8