Никосия
Никосия, Лефкосия – Кипр Республикасынын борбору. Кипр аралынын чок ортосунда, Месаория түздүгүндө жайгашып, түштүк-батышынан Троодос тоосу жана түндүгүнөн Кирения кырка тоосу менен курчалып турат. Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик. Эң салкын айы январдын орточо температурасы 10...15˚С, июлдуку 10˚С. Жылдык жаан-чачыны 500–1000 мм. Калкы 272,0 миң (2010). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.
Никосия | |||
грек. Λευκωσίαтүрк. Lefkoşa | |||
| |||
Өлкө |
Кипр | ||
---|---|---|---|
Константинос Йиоркаджис | |||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Негизделген күнү |
VII к. б. з. ч. | ||
Аянты |
111 | ||
Бийиктиктиги |
149 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны |
▼276 410 (2012) | ||
Жыштыгы |
адам/км2 | ||
Этнохроним |
никосиялык, никосиялыктар | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы |
+2 | ||
http://www.nicosia.org.cy/ |
Никосия болжол менен Биздин заманга чейинки 7-кылымда негизделген. 16-кылымдан Осмон империясынын курамында болгон. 1960-жылдын 16-августунан көз каранды эмес Кипрдин борбору. Тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, музейлер (тарыхый жана архив, улуттук искусство), лапидарий (таштан буюм жасоо) бар. Готика стилиндеги Ыйык София собору (13–14-кылым; учурда Селим мечити), Кудай эне жана августиндер чиркөөлөрү (экөө тең болжол менен 1330-жыл чен), рынок ансамбли, готика стилиндеги базилика (14–16-кылымда кеңейтилген), «Фамагуста дарбазасы» (16-кылым), Ыйык Ионн собору (1665-жылы кайрадан курулган, дубалга тартылган сүрөттөр цикли, 1730-жыл чен), архиепископтор ак сарайы (1950–59) сакталган. Туризм өнүккөн.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7