Либериялыктар же либериядагы америкалыктар (англ. americo-liberians) — Либериядагы улут. Көпчүлүк Либериянын борбор шаарында (Монровия) жана борборго жакын жээктеги шаарларда жашайт.

Либериялыктар

Либериянын улуттук валютасы.
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 150 миң адам
 Либерия

Тили

либериялык креол,
англис

Дини

Христианчылык

Расалык тиби

негроид

Өздөрүн "америкалыктар" деп аташат жана өздөрүн америкалык улуттун бир бөлүгү деп эсептешет.

Саны 150 миң адам.

Тил түзөтүү

Либериялыктар англис жана креол тилдеринде сүйлөшөт. Либериянын креол тили АКШнын англис тилинин негизинде түзүлгөн. Ошондой эле бир аз француз жана жергиликтүү африкалык тилдеринен лексикалык кошулмалар кирген.

Тарых түзөтүү

Либериялыктар Африкага АКШдан көчөрүлүп келген бошотулган кара кулдардын тукумдары. Келгин кара америкалыктардын биринчи конуштары 1822-жылы пайда болгон. Андан кийин алар акырындап жээк тилкелерин колонизациялашкан. 1839-жылы америка-либериялык конуштар жана жааматар биригишип, 1847-жылы Либерия Республикасын түзүшкөн.
Жалпысынан 1822-жылдан 1867-жылга чейин Либерияга 20 миң адам көчүп келген.
1980-жылдагы аскердик төңкөрүшкө чейин либериялыктар Либериянын ишкер чөйрөлөрүнүн жана интеллигенциясынын басымдуу көпчүлүгүн түзүп, мамлекетте үстөмдүк (аппарат жана армия) кылышкан. Либериялыктар менен жергиликтүү калктын ортосундагы мамилелер ачыктан-ачык кастык болгон. Аскердик төңкөрүш (1980ж.) жана жарандык согуштар (1989-1997 жана 1998-2003жж.) учурунда бир нече либериялыктар геноциддин курмандыгы болуп, көпчүлүгү өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушту.

Коом түзөтүү

Үй-бүлө

Либериялыктардын үй-бүлөсү кичинекей. Нике патрилокалдык. Нике куну да колдонулат. Элде аталык туугандык эсеп жана линиялык типтеги туугандык терминдер системасы бар.

Дин

Либериялыктар — христиандар. Көпчүлүгү протестанттар (методистер, анг­ли­ка­ндар, бап­ти­стер, пя­ти­де­сят­ни­ктер, ад­вен­ти­стер). Бир аз католиктер бар.

Тамак-аш

Либериялыктар негизинен өсүмдүк тамактарын жешет, мисалы, тамырдан жасалган фуфа, жашылча шорполору, ботко. Ошондой эле токоч жана балыктан жасалган тамактарды жешет.

Турак жай

Алар кирпичтен же бетондон салынган креол (Вест-Индия) тибиндеги үйлөрдө жашашат, чатыры плиткалуу. Кээде үйлөрү эки кабаттуу болот.

Чарбалык иштер

Либериялыктардын негизги кесиптери - ишкердик, соода жана кол өнөрчүлүк. Кол өнөрчүлүктөн ийирүү жана токуу, килем, себет жана булгаары жасоо өнүккөн. Элдин билим деңгээли бир топ жогору.

Маданият

Материалдык маданияты АКШ жана Европа менен тыгыз байланышта.
Афроамерикалык музыканын элементтери сакталып калган (спи­ри­чу­эл, гос­пел, блюз).

Булактар түзөтүү