Майдан (Кадамжай району)
Майдан — Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районундагы айыл. Майдан айыл аймагына кирет.
Отурукташкан жай
Майдан
|
Ош – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун жана Исфайрам суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1310 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 60 км түштүк-чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол станциясынан 28 км. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, дарыкана бар.
Калкы
түзөтүүКалкы 1843 (2009), негизинен мал багат, дыйкан чарбаларында эмгектенет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7