Манастын Түлкү баатыр менен согушу, Акунканга бел куда болушу

Манастын Түлкү баатыр менен согушу, Акунканга бел куда болушу — эпостогу кеңири белгилүү окуялардын бири, айрым белгилери боюнча (Акункан менен Манастын бел куда болушу) туруктуу салттык сюжеттердин катарына кошууга да болот.

Оогандын каны Түлкү баатыр катаган менен тейиттерди камап, көп кордуктар көргөзөт. Кошой үйүндө жокто элин чаап, баласы Алкени өлтүрүп кеткенин угуп Манас шашылыш Ооганга каршы аттанат. Кетип жатып Каныкейди Көзкамандарды жакшылап тос — деп тапшырат. Ооганга жакындаганда ал элдин Көгөш аттуу аяры ат болуп кубулуп келип, Бокмурунду уурдап кетет. Кыргыздын аярлары кубулуп барып Акунканды баш кылып, Түлкүнүн алты бегин уурдап келишет. Түлкү колу менен келип согуш башталат. Бирок, туткундагы Акункандын сунушу боюнча уруш токтоп, эки эл жарашат. Түлкү кандыгын иниси Акунканга берет. Манас менен Акункан достошуп, балалуу болсок үйлөнтөлү дешип бел куда болушат. Бокмурун туткунда жатканда Түлкүнүн кызы Канышайды көрүп, экөө бирин бири жактырып калган экен. Кол кайтмак болгондо он үчтөгү Бокмурундун кыжалат болгонун байкаган Манас себебин сурап билет да, Бокмурунга жактырган кызын алып бермек болот. Жуучуга барган Бакай менен Ажыбайга Түлкү кызым жаш, азыр убадалашып коёлу, кийин келип алсын дейт. Кайтмак болуп жаткан кол токтоп, калыңга төрт миң ат айдап, куда түшүшөт. Түлкү той берет. Ала турган кыздын атын билбей, айып тартышат, ошондон кудалардан колуктунун атын суроо салты калат. Той тарап, эл жай-жайына кайтат.

Радлов жазып алган вариантта бул эпизод жок. Саякбай Каралаевдин вариантында Түлкү менен болгон согуш жок, бирок Манас менен Акункандын «Көкөтөйдүн ашы » учурунда бел куда болгондугу айтылат.

Оогандар менен болгон согуш башка манасчылардан Шапак Рысмендеевдин вариантында негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4