Манастын жолуКара-Кулжа району аркылуу өтүүчү Улуу Жибек жолунун Кашгар-Өзгөн-Анжыян-Кокон-Хожент-Жизак багытындагы Манас баштаган кыргыз элинин Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө баскан жолдун аты. Ушул жолдо "Манас" эпосу боюнча жана Махмуд Кашгары 1072—73-ж. жазып калтырган "Өзгөн, Кавак-Арт, Арык-Турук, Кап-Учту, Урунма-Кыя" д. ушундай сыяктуу тарыхый топонимдер азыркы мезгилде да аталып келет. Ошондой эле 466-ж. (доордун 1061—62-ж.) жазылган асканын бетиндеги жазуулар учурайт. ("Кыргызстан Маданияты", 19.06.1990).

Капчыгайдын жол менен

Артыштан ашып бел менен,

Ат жүргүс кыйын жер менен,

Айдап жылкы сугарып,

Кара-Кулжа сайына (Сагымбай Орозбаков, 2.163)

— деп Манастын көч жолунда көрсөтүлгөн Кара-Кулжа — Капчыгайдын жолун жергиликтүү эл М. ж. маанисинде түшүнөт. Азыркы учурда бул кан жолго чүкөдөй таш койбой, аяр мамиле жасап, сапар жүргөндө ыйман сактап, таза, пакиза болуп, Манас жолунда көч улап келет.

Кара-Кулжа — Капчыгай жолу мамлекеттик мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4