Манджак (мандьяк) — Батыш Африкадагы эл.

Манджак

Манджак малчылары
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 210 миң адам
 Гвинея-Бисау — 140 миң
 Кабо-Верде — 40 миң
 Сенегал — 20 миң
 Гамбия — 10 миң

Тили

мандьяк

Дини

жергиликтүү салттуу ишенимдери,
католицизм

Расалык тиби

негроид

Гвинея-Бисау (140 миң адам), Кабо-Верде (40 миң), Сенегал (20 миң), Гамбия (10 миң) өлкөлөрүндө жашайт.
Жалпы саны 210 миң адам.

Тил

Мандьяк тилинде сүйлөшөт. Ал тил Нигер-конго макробүлөсүнүн Батыш атлантикалык тилдердин уясына кирет.
Мандьяк тилинде бок, бараан-калкус, чуро, лунд жана пейихе диалектилер бар.
Көпчүлүк португал тилин билет.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Католиктер да бар (Кабо-Верде шаарларында).

Чарбалык иштер

Негизги салттуу кесип — кол менен иштетилген жер чарбасы (күрүч, батат, ямс, фонио, пахта, банан, цитрустар, жашылчалар, жер жаңгак).
Өздөштүрүлгөн саздуу жерлерди деңиз суусунан коргоо үчүн талаалардын айланасына топурактан дамбаларды тургузууда.
Универсалдуу эмгек куралы — кайендо (узундугу 3 мге чейин күрөк).
Малчылык (чочко, эчки, уй).
Жыйноочулук (май жана кокос пальмалардын жемиштерин чогултуу).
Балык уулоо (деңизде жана дарыяда) өнүккөн.

Кабо-Вердеде ​​негизинен плантацияларда эмгектенишет.

Көптөгөн манджактар ​​деңиз жана дарыя кемелеринде матрос болуп иштешет.


Кол өнөрчүлүк

  • карапачылык;
  • токуу;
  • жыгач иштетүү.


Кийим

Аялдардын салттуу кийими (жумуш кийими катары сакталган) — юбка, эркектердики — белдемчи.

Тамак-аш

Тамак-ашы негизинен вегетариандык (ботко, суюк жылытма, пюре).

Турак жай

Салттуу турак жай диаметри 5-6 м келген тегерек өрүлгөн алачык, дубалдары чопо менен капталган, пальма жалбырактарынан жасалган бийик конус сымал, жапыз илинип турган чатыры.

Коом

Үй-бүлөлөрү чоң. Туугандык эсеп аталык. Жашыруун союздар жана курак класстар системасы сакталып калган.

Тарых

Бир нече кылым мурун манджак элин мандинго түндүктөн азыркы Гвинея-Бисаунун жээк бөлүгүнө сүрүп салган. Манджак элинин бир бөлүгү Гвинея-Бисаунун ички аймактарына, олуттуу топтору 19-20-кылымдарда Сенегал, Гамбия, Кабо-Верде аймагына көчүп келишкен.
Жээктеги райондордон миграциянын себептеринин бири калктын жыштыгы (1 км² жерге 120 адамга чейин) болуп саналат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кальщиков Е. Н. "Манджак" //Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999

Булактар түзөтүү