Минерал кебезжылуулук от-көрбөс була түрүндөгү материал. Ал ичке, кыска, ийилгич, айнек буласы түрүндө болот.

Минерал кебезди көмүрдүн күйгөндөгү калдыгын (шлакты) жана тоо тектерин (чопо, доломит, мер­гель) же алардыи кошундуларын атайын меште эритип, ал көлкүлдок эритиндиден үйлөтүү жана борбордон четтөөчү күчтүн таасири менен чоюу аркылуу алынат.

Минерал кебезден кийиз, ма­та, такта, кабык, сегмент, минерал кебез аралашмалары даярдалат. Ал курулушта ири панелдүү конструкцияларда жылуулук жана үн өткөрбөө үчүн кеңири колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.