Мобилдик оюнмобилдик телефондо, смартфондо, смартсаатта, жеке санарип жардамчыда, портативдик медиа ойноткучта же болбосо калькулятордо ойногонго болгон видео оюндар.

Мобилдик оюн.

Тарыхы түзөтүү

Эң алгачкы мобилдик оюн 1994-жылдагаы Hagenuk MT-2000 түзмөгүндөгү Тетрис (англ. Tetris) оюнунун варианты болгон.

1997-жылы Nokia абдан ийгиликтүү болгон Жылан (англ. Snake) оюнун чыгарган. Nokia тарабынан өндүрүлгөн көпчүлүк мобилдик түзмөктөрдө алдын ала эле орнотулган Жылан (жана анын варианттары) ошондон бери эң көп ойнолгон видео оюндардын бири болуп калган жана дүйнө жүзү боюнча 350 миллиондон ашуун түзмөктөрдө бар. Инфракызыл порт колдонгон Nokia 6110 моделиндеги Жылан оюнунун бир түрү дагы мобилдик телефондордогу алгачкы эки оюнчуга негизделген оюн болуп калган.

Бүгүнкү күндө мобилдик оюндар көбүнесе колдонмо дүкөндөрүнөн, ошондой эле мобилдик оператордун порталдарынан жүктөлүп алынат. Бирок айрым учурларда жабдыкты өндүрүүчүлөр (OEM), же болбосо мобилдик операторлор тарабынан сатып алган учурда чөнтөк түзмөктөрүнө алдын ала жүктөлгөн болот. Мобилдик оюндар мобилдик түзмөккө инфракызыл байланыш, Bluetooth, эс тутум картасы же болбосо кабель аркылуу өткөрүлөт.

Жүктөп алганга мүмкүн болгон мобилдик оюндар биринчи жолу 1999-жылы Жапонияда I-mode платформасы ишке киргизилген учурларда жарнамалана башталган. Ал эми 2000-жылдардын башында Азиядагы, Европадагы, Түндүк Америкадагы, ошондой эле 2000-жылдардын ортосуна чейин заманбап байланыш тармактары жана түзмөктөр жеткиликтүү болгон бардык аймактардагы түрдүү платформаларда жүктөп алганга мүмкүн болгон мобилдик оюндар жеткиликтүү болуп калган. Анткен менен мобилдик байланыш операторлорунун жана үчүнчү тараптын порталдары аркылуу (башында бул каналдар жүктөп алганга мүмкүн болгон рингтондорду, дубал сүрөттөрдү жана башка кичинекей буюмдарды пулдаш үчүн SMS билдирүү аркылуу же болбосо операторго акы төлөө жолу менен иштеген) таратылган мобилдик оюндар 2008-жылы Apple компаниясынын iOS App Store дүкөнү ишке киргизилгенге чейин өз маанисин жоготуп койгон. Биринчи мобилдик мазмун базары мобилдик платформа ээси тарабынан түздөн-түз көзөмөлдөнгөнү үчүн App Store керектөөчүлөрдүн жүрүм-турумун кыйла өзгөртүп, мобилдик оюндардын базарын тез эле кеңейтип салган. Натыйжада дээрлик ар бир смартфон ээси мобилдик колдонмолорду жүктөй баштаган.

Шилтемелер түзөтүү