Nokia
Nokia Corporation (окулат Но́киа) — уюлдук, фиксирленген, кеңиритилкелик, жана IP-тармактарга жабдуулар менен камсыз кылуучу финдик трансулуттук компания. Азыркы убакта дүйнөдөгү уюлдук телефондорду чыгаруучу эң ири компания болуп эсептелинет.
Nokia | |
Түрү | |
---|---|
Листинг биржада | |
Негизделген жылы | |
Жайгашкан жери | |
Маанилүү фигуралар |
Йорма Оллила (директорлор кеңешинин төрагаcs;) |
Өндүрүшү |
телекоммуникациялык жабдууларды өндүрүү , IT-индустрия |
Продуктулары |
Уюлдук телефондор, смартфондор, тармактарга жабдуулар GSM, зымсыз байланыш системалары, GPS-навигаторлор, интернет-планшеттер, нетбук ж.б. |
Киреше айлануусу |
▼ $38,659 млрд (2011 жыл)[1] |
Операциондук киреше |
▼ €1,2 млрд (2009 жыл) |
Таза киреше |
▼ €891 млн (2009 год) |
Жумушчуларынын саны |
113 562 адам (2012 жыл) |
Урааны |
Connecting people |
Сайт |
Компаниянын штаб-квартирасы Хельсинкинин шаар-спутниги, Эспоодо жайгашкан.
Тарых
түзөтүүКомпаниянын тарыхынын башталышы болуп 1865-жыл эсептелинет, качан тоо инженери Фредерик Идестам (фин. Knut Fredrik Idestam) Финляндиянын түштүк-батышындагы Тампереде чоң эмес кагаз фабрикасын курганда башталат. Ага тиешелүү компания 1871 жылы Nokia Ab болуп аты алмашылган.
Компания өзүнүнү аталышын (Nokianvirta) дарыясынын атынан алган.
1898-жылы негизделген желим буюмдарды чыгаруучу Finnish Rubber Works компаниясы, 1922-жылы Nokia Ab жана 1912-жылы негизделген Finnish Cable Works кабель чыгаруучу компанияларына контроль алат, а 1967-жылы бул үч компаниянын расмий биригүүсү болот[3]. Бул операция ошондогу фин мыйзамына ылайык болуш үчүн, формалдуу түрдө Finnish Rubber Works жана Finnish Cable Works Nokia Abка, алардын эң кичинекейине биригишет.
Бириккен компаниянын беш негизги ишмердүүлүгү болгон: желим буюмдарды өндүрүү, кабелдер ана электроникалар, жыгачты кайра иштетүү жана электроэнергия өндүрүү. Жылдар менен аларга, экинчи даражадагы, мисалга, аңчылык курал, пластикалар жана химиялык материалдар кошула баштаган.
1980 -жылдын башынан баштап Nokia электроника өндүрүшүн активдүү өнүктүрө баштайт, ага бир катар электрондук компанияларды сатып алуулар да себеп болгон. 1987 жылы компаиянын негизги бизнеси болуп тиричилик электроника болуп калат, ошону менен катар Nokia, Европада сыналгы чыгаруучу эң ири үчүнчү компания болуп калат.
1980 жылы Nokia кризистик учурга дуушар болот, ага себеп болуп дүйнөлүк экномиканын төмөндөшү эле. Кризис бизнестин реструктуризациясы менен жеңилет, негизгилер болуп көбүнчө ишмердүүлүктөн баш тартып, телекоммуникациялык бөлүмдүн өнүгүшү менен - жаңы технологияларга гана көңүл буруу да эле.
Өзүнчө компания болуп Nokia-дан 1988-жылы Nokian Renkaat бөлүнөт, ал 1967-жылдан бери Nokia-нын «желим» бөлүмү эле. Азыр болсо Nokian Renkaat-тын, Nokia-га эч кандай тиешеси жок.
1989- жылы компания, Radiolinja фин операторуна GSM тармагына жабдуу сатат, а 1992 -жылы өзүнүн биринчи колдук Nokia 1011 GSM-телефонун чыгарат.
1992-жылы компаниянын жарнамалык урааны болуп «Адамдарды байланыштыруу» (англ. Connecting people) сөзү болуп калат.
1994- жылы Nokia президенти Йорма Оллила компанияны акыркы страгеясын чечет: эски бизнестен баш тартып, телекоммуникациялык технологияларга көңүл буруу. Бул стратегия дүйнө боюнча телефон чыгаруучу эң ири компанияга айланат: 2009 жылы Nokia-нын базардагы үлүшү 39% бааланган.[4].
2006-жылдын июнунда Nokia жана Siemens өзүлөрүнүн телекоммуникациялык жубдууларды чыгаруучу бөлүмдөрүн Nokia Siemens Networks болуп аталган жаңы компания кылып бириктиришет.
Салодогу (Финляндии) Nokia заводу 2012- жылдын күзүндө толук жабылат. Персоналды кыскартуу сүйлөшүүлөр ишкананын 780 кызматкерине тийет[5]. Ушинтип компаниянын уюлдук секторунун өндүрүү күчүн, 2012-жылдан баштап Азия өлкөлүнө гана бет алдырат.
2012-жылдын декабрында Nokia жетекчилиги өзүнүн Exilion Capital штаб квартирасын €170 млн сатып жана аны кайра арендага алышып, жогорку жетекчиликтин саясий рамкасында профилсиз активдерден кутулууга[6] арнашат.
Платформаны алмаштыруу
түзөтүү2009-жылдын 12- августунда Nokia жана Microsoft өнөктөштүк боюнча келишим түзүшөт. Келишимдин негизинде Nokia жана Microsoft-тун түзүүчүлөрү Microsoft Office Mobile түзүүгө киришишет жана Nokia смартфондоруна байланыш корпоративдик аспаптарын, Symbian иштетүү системинин башкаруусунда иштегендерди жасай башташат. Бул чечимдер кеңири айлампадагы түзмөктөргө мүмкүнчүлүктүү болушат, Е-сериясындагы бизнес смартфондоруна кошо. Келечекте жаңы биргелешкен продуктуларды өндүрүүгө пландашкан[7].
2011-жылдын 11-февралында Nokia, Microsoft менен толук кызматташып жатканын жарыялайт, өздөрүнүн уюлдук түзмөктөрүнө Windows Phone иштетүү системасын колдонууну чечишет[8][9]. Бул платформа Nokia смартфондорунун стратегиясынын негизги бирикмеси болушу керек болчу. Ушу менен катар бейрасмий маалыматтарында Microsoft компаниясы Windows Phone-го өткөнү үчүн, Nokia-га $1 млрд төлөп бериши керек эле[10]. Жана дагы жарыялангандай, Nokia колдонулуп келе жаткан Symbian иштетүү системасынан баш тартпай жана бул система өзүнүн кээ бир смартфондор моделинде колдонушу керек эле. MeeGo иштетүү системасы да платформанын open-source катары колдонулат жана анын негизинде да чыгаруу пландалып жаткан. Bing Nokia-нын кызматтарында жана гаджеттеринде негизги издөөчү болуп калат.
Nokia-нын өзүнүн уюлдук түзмөктөрүн Windows Phone ИС өтүүсү компанияын өнөктөштөрүнүн жана финдик телефон гигантынын кызматкерлери арасында бир жагдайлуу эмес реакцияларын чакырткан[11]. Альянс жөнүндө жарыялагандан кийин Nokia-нын акция баалары 14% төмөндөдү, бул 2009 жылдын июнунан бери эң чоң төмөндөө болгон[12].
2011-жылы 16-майда Nokia өзүнүн блогунда, ал өздөрүнүн Nokia Services: музыкалык кызматтар, приложениялар дүкөнү жана башка фин компаниясынын кызматтарын бириктирген кызматтардын пайдасына, Ovi брендинен баш тартууну айткан. Команиянын сөзүнө караганда Ovi-ден баш тарткандан кийин, Nokia өзүнүн жеке брендин күчтөөгө таянган[13][13].
2011-жылдын июль айынан 2012 жылдын аягына чейин[13] Nokia сервистеринин ребрендиги бүтүрүлөт.
2012-жылдын 26 октябрында Nokia Windows Phone 7 иштетүү системинин базасындагы Nokia Lumia 800 жана 710 смартофндорунун көргөзмөсү болду[14], а позднее, в начале 2012 года, — ещё два смартфона из этой серии, Nokia Lumia 900 и 610[15].
2012-жылдын 5-сентябрында Nokia World 2012- көргөзмөсүндө Windows Phone 8 базасындагы жаңы түзмөктөр тартууланган - Nokia Lumia 920 жана 820 смартфондору.
Кошулуу жана кошуп алуулар
түзөтүү2007-жылдын октябрында Nokia, Navteq компаниясын сатып алуусун жарыялайт (ар бир акцияны $78 акчалай). Компания санариптүү топографиялык карталарга адистештирилген жана автомобильдик навигациялык системдерин, уюлдук телефондорго, атайынкы интернет-сервистерге, мамлекеттик жана жеке уюмдарга керектүү маалыматтар менен камсыз кылуучу системаларын жашашат.
2008-жылы Nokia, Trolltech (Qt китепканасынын түзүүчүсү) жана Symbian Ltd. (кийинчерээк ал Symbian Foundation болуп алмашылган) компанияларын сатып алган [16].
Жетекчилер
түзөтүүNokia компаниянын директорлор кеңешинин - Йорма Оллила. Nokia (FWB: NOA3, HEX: NOK1V, NYSE: NOK) - базар капитализациясынын эң ири финдик компания. Анын капитализациясы ($19,02 млрд 2012 жылдын январь айына карата[17]) баардык фин компаниясынын базардагы капитализациясынын олуттуу үлүшүн (2007 жылы үчкө чейин) түзөт, Хельсинки фондалык биржасына котировкаланган - өнүккөн өндүрүштүк өлкө үчүн сейрек кырдаал[18].
Президент — Стивен Элоп, Олли-Пекку Калласвуо 2010 жылдын 21 сентябрында алмаштырган[19].
Дагы караңыздар
түзөтүүCategory:Nokia Викиказынада |
Тиркемелер
түзөтүү- ↑ Nokia терпит колоссальные убытки на растущем рынке телефонов
- ↑ TapioHelen Idestam, Fredrik (1838–1916). Biographical Centre of the Finnish Literature Society. Текшерилген күнү 22 -март (жалган куран) 2009. Түп булактан архивделген күнү 24 -август (баш оона) 2011.
- ↑ The merger — Nokia’s first century Archived 2009-02-23 at the Wayback Machine // nokia.com (англ.) (Текшерилди 1 -июль (теке) 2009)
- ↑ Nokia Annual Results 2009 Archived 2012-10-11 at the Wayback Machine // nokia.com (англ.) (Текшерилди 23 -март (жалган куран) 2010)
- ↑ Закрывается завод в Сало
- ↑ АнжелБожинов Nokia завершает сделку по продаже своей штаб-квартиры (орусча). OSZone (4 -декабрь (бештин айы) 2012). Текшерилген күнү 4 -декабрь (бештин айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 4 -декабрь (бештин айы) 2012.
- ↑ В смартфоны Nokia приходят Microsoft Word, Excel, PowerPoint и корпоративные средства связи, cnews.ru. Архивировано из первоисточника 11 -ноябрь (жетинин айы) 2010. Текшерилген күнү 8 -июнь (кулжа) 2010.
- ↑ Nokia и Microsoft официально объявили о партнерстве
- ↑ Nokia и Microsoft договорились о Windows Phone смартфонах
- ↑ Dina Bass. Microsoft Is Said to Pay Nokia More Than $1 Billion in Deal (англ.). Bloomberg Business Week (7 марта 2011). Текшерилген күнү 7 -март (жалган куран) 2011. Түп булактан архивделген күнү 24 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Работники Nokia оплакивают смерть Symbian
- ↑ Nokia. Текшерилген күнү 22 -январь (үчтүн айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 1 Апрель 2011.
- ↑ 13.0 13.1 13.2 откажется от бренда Ovi(жеткиликсиз шилтеме), Lenta.ru. Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; name "test" defined multiple times with different content - ↑ Калып:YLE-N
- ↑ Марина Эфендиева. MWC-2012: Nokia постаралась угодить всем. // bfm.ru. Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2012. Түп булактан архивделген күнү 30 -май (бугу) 2012.
- ↑ «Nokia все-таки купила Symbian» Archived 2014-07-17 at the Wayback Machine, 3dnews.ru (Текшерилди 6 Апрель 2009)
- ↑ Nokia Corporation (ADR): NYSE:NOK quotes & news — Google Finance
- ↑ Kapanen, Ari. Ulkomaalaiset valtaavat pörssiyhtiöitä (Finnish), Taloussanomat (24 -июль (теке) 2007). Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2008.
- ↑ Игорь Цуканов. «Мы покажем нечто особенное», — Стивен Элоп, генеральный директор и президент Nokia Corporation // Ведомости, 17.03.2011, № 46 (2812) (Текшерилди 17 -март (жалган куран) 2011)
Шилтемелер
түзөтүү- Расмий сайт
- Расмий сайт (англ.)
Бул колдонуучу bot, Harej аттуу колдонуучуга таандык (баарлашуу). Бул чыныгы колдонуучу эмес. Уикипедияны жакшыртуу максатында көп кайталануучу жана кол менен жасаганда убакытты алган операцияларды аткаруу үчүн түзүлгөн. Автоматтык же жарым автоматтык абалда иштейт.
Администраторлор: эгер бул бот зыян келтирсе тосмолоп койгула жана ээсине кабарлап койгула. |
Бул колдонуучу bot, Harej аттуу колдонуучуга таандык (баарлашуу). Бул чыныгы колдонуучу эмес. Уикипедияны жакшыртуу максатында көп кайталануучу жана кол менен жасаганда убакытты алган операцияларды аткаруу үчүн түзүлгөн. Автоматтык же жарым автоматтык абалда иштейт.
Администраторлор: эгер бул бот зыян келтирсе тосмолоп койгула жана ээсине кабарлап койгула. |