Моравия

Чехиядагы тарыхый жер

Моравия (чех. Morava, нем. Mähren) Чехиядагы тарыхый аймак. Моравиядагы биринчи турак жайлар алгачкы палеолитке таандык. Биздин заманга чейинки 400-жылдар ченде кельттер, биздин замандын башында германдардын маркоман жана квад уруулары жашаган. Биринчи миң жылдык аралыгында ал жерге славяндар (моравандар жана башкалар) келип отурукташкан.

Моравия
чех. Morava

Моравия.

Тарыхы түзөтүү

623–658-жылы Моравия славяндардын Само княздыгынын, 9–10-кылымдын башында Улуу Моравия княздыгынын курамына кирген, 1029-жылдан чехтин Пржемысловичилер ээлигинин бир бөлүгү болгон. Моравия – 1063-жылы Оломоуц епископтугу, 1182-жылдан Ыйык Рим империясына караган маркграфтык. Моравия калкы гусчулар кыймылына (1419–37) активдүү катышкан. 1526-жылы Чехия менен бирге Габсбургдар бийлигине караган. 1618–20-жылы Чехиядагы габсбургдарга каршы көтөрүлүш жеңилгенден кийин, Моравияда немис феодалдарынын тарабынан улуттук басмырлоо күч алып, катуу католиктик реакция жүрүп, Моравия иш жүзүндө Габсбург монархиясынын провинциясына айланган. 1782-жылы австриялык Силезия менен бирге борбору Брно шаары болгон бир административдик бирдикке бириктирилип, 1849-жылы монархтын өзгөчө жерине айланган. Чехословакия Республика түзүлгөндөн (1918) Моравия анын курамында. 1938-жылы фашисттик Германия Моравиянын кыйла бөлүгүн, 1939-жылы толук басып алып, «Богемия менен Моравия протектораты» деп аталган протекторатка кошкон. Немистик-фашисттик баскынчылардан Советтик Армия тарабынан 1945-жылы апрель–май айында бошотулгандан кийин Моравия Чехословакиянын курамына кирген.

 
Moravia[1][2].

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Калып:Hist-stub

  1. Калып:Cite conference
  2. Калып:Cite conference