Моңолдор (айыл)
Моңолдор, Жайыл району – Чүй облусунун Жайыл районундагы кыштак. Сары-Булак айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1131 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Балта шаарынан 20 км Түштүк тарапта. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 712 (2023); мал багып, дыйкан чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП, китепкана бар жана Сатылганов Жумабай атына коюлган футбол аянтысы бар.
Отурукташкан жай
Моңолдор
|
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7