Мугалжар тоосу Казакстандын Ак-Төбө областында түндүктөн түштүккө 200 км-ге созулуп жатат.

Мугалжар тоосу.

Туурасы 30 кмдей. бийикт. 657 метрге чейин (Чоң Бактыбай тоосу). Урал тоолорунун түштүк уландысы. Түндүгүндө кууш токол тоо, андан кийин жарыш жаткан эки кырка тоого болшөт, алардын ортосунда туурасы 15—20 км келген Алабаш чуңкурдугу жатат. Кембрийге чейинки мезгилдерде жанa палеозой заманында пайда болгон кварцит, кристаллдык сланец, гнейс, гранит, кумдук жанa конгломерат тоо тектеринен турат.

Климаты кескин континенттпк, кышы суук, кар аз жаайт; январдын орт. температурасы —14°С, жайы кургак, ысык, июлда 24°С. Жылдык жаан-чачыны 200—250 мм. Батыш капталдарынан Эмба, Орь дарыялары (Каспийдин алабы), чыгышынан Ыргыздын оң куймалары башталат. Мугалжар тоосунун түндүк бөлүгүн ак кылкан, бетеге, тоо сулусу үстөмдүк кыл­ган шагылдуу талаа, түштүгүн шыбак, дан өсүмдүктүү талаа жанa жарым чөл ээлейт. Жазгы жанa жайкы жайыт. Жез, никель жана башкалар кендердин базасында тоо-кен өнөр жай өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7