Муздаткыч компрессормуз­даткыч заттын буусун бууланткычтан соруп алып, басым менен аны конденсаторго жиберүүчү түзүлүш.

Муз­даткыч техникада поршендүү, турбиналуу, ротациялуу жанa винттүү компрессорлор колдонулат. Алардын суук өндүрүмд. 3000 Bттан 600 кВтка чейин жетет. Азыр поршендүү ком­прессорлор кеңири таралып, алар өндүрүмдүүлүгү боюнча майда (3,5 кВт), кичине (3,54-23 кВт), орточо (234-105 кВт) жанa чоң (105 кВтан жог.); кысуу баскычы боюнча бир, эки жанa үч баскычтуу; цилиндрдин саны боюнча бир жанаa көп цилиндрлүү; цилиндрдин огунун жайгашуусу боюнча тик, түз жана V түрүндө болуп бөлүнөт.

Азыр бир баскычтуу аммиак жана фреон менен иштөөчү сальниктүү жана сальниги жок компрессорлор таралган. Кийинки жылдарда фреон менен иштөөчү компрессорлор жана горизонталь коммрессордун эки түрү чыгарылууда.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.