Ат жабдыктарын узанууда татаал өрүмдөрдүн бир түрү. Жортуулга камчылана турган камчылардын түшкүнү сокмоктуу болгон. Түшкүндүн сабын чеберлер күздө кыйылган тобулгу (табылгы) же ыргайдан сапташкан. Камчы түшкүнүн көбүнчө жылкынын, торпоктун терисинен өрүшөт. Өрүм сегизден тартып, жыйырма талга дейре жуп сан менен өрүлөт. Өрүлүүчү көктүн талын күндүн табына кургаткандан кийин ашаткыга салып ийлейт. Күдөрү түрдө аябай ийленген аны жаага керилип коюлган жумуру өзөктүн үстүнөн өрө баштайт. Ал кадимки терме өрүмдөй бирдей терилип, бирден басылат. Натыйжада көгү жоон тилинет. Өрүмү жыш түшүп, музоонун тишиндей төрт чарчы көрүнөт.

«Музоо тиштин» берки «суйсалма өрүмү», «жылан боор өрүмү» өңдүү татаал өрүмдөрдөн айырмасы байкалып турат. Мисалы, «суйсалма өрүмдө» бирден терилип, үчтөн басылса, «жылан боор өрүмдө» бирден терилип, экиден басылат. Демек, «музоо тиш» бирден басылып, бирден өрүлгөндүктөн учунан да, ортосунан да такыр жанбайт.

Айрым өрүмчүлөр «музоо тиш өрүмүн» алты тал эле кайыштан өрүп берет. Ортосуна өзөк коюлуп, өрмөсү анча сыйда болбой, одуракай көрүнөт, өрүмдүн ыкмасы оңой келет. Анда алты тал үчтөн экиге бөлүнүп, өрүмү сол колдон бир талды алдыга коет да, оң колдогу көктү үстүнөн басат. Муну көк менен да чеберлер алты тал аркылуу өрө алат. «Музоо тиш өрүмүн» «торпок тиш» деп да атайбыз.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)