Мухаммад Аюб хан
Мухаммад Аюб хан (1857-жыл — 7-апрель 1914-жыл) — 19-кылымдын экинчи жарымындагы оогандык аскердик жана саясий ишмери. 1880-жылдын март-майында — Ооганистандын эмири, 1880-жылдын мартынан 1881-жылдын октябрына чейин — Гераттын эмири, 1881-жылдын июль-сентябрында — Кандагардын эмири.[1]
Мухаммад Аюб хан Пушту محمد ايوب خان | |||
| |||
---|---|---|---|
март 1880 — 31 май 1880 | |||
Андан мурунку: | Мухаммад Якуб хан | ||
Андан кийинки: | Абдурахман хан | ||
Дини: | Ислам | ||
Туулган жылы: | 1857 жыл | ||
Туулган жери: | Кабул, Ооганстан Эмирлиги | ||
Каза болгон жылы: | 7-апрель 1914 | ||
Каза болгон жери: | Лахор, Британ Индия | ||
Мүрзөсүнүн орду: | Пешавар, Пакистан | ||
Уруусу: | Баракзай династиясы | ||
Атасы: | Шер Али хан | ||
Мухаммед Аюб хан Ларпуранын башкаруучусу Моманд уруусундагы Саадат хандын кызынан Ооган эмири Шер Али хандын уулу болгон.
Экинчи Англия-Ооган согушунда Аюб хандын жетекчилиги астында 1880-жылдын 27-июлунда Майванд согушунда ооган аскерлери жеңишке жетишкен. Бул жеңиштен кийин Аюб хан Кандагарды курчоого алган, бирок убагында келген генерал Робертстин аскерлери менен болгон салгылашуудан кийин артка чегинүүгө аргасыз болгон.[2]
1881-жылы Аюб хан Кандагарды кайра өзүнө каратууга аракет кылган — бул жолу аны ооган эмири Абдурахмандан тартып алган, бирок ийгиликке жетпей, Персияга качып кеткен. 1888-жылы ал Британ Индияга көчүп барып, Британия өкмөтүнөн алган пенсия менен өмүрүн өткөргөн. Ал 1914-жылы Лахордо каза болгон.[3]