Ооганстан Эмирлиги (фарс. امارت افغانستان‎; Пушту د افغانستان امارت), 1855-жылга чейин Кабул Эмирлиги деп аталган — азыркы Ооганстандын аймагындагы мамлекет, 1919-жылга чейин Британиянын протектораты болгон.[1]

Ооганстан Эмирлиги
Пушту د افغانستان امارت
фарс. امارت افغانستان

Эмирлик

1823 — 1926



Желек Герб
Борбор калаа Кабул
Ири шаарлары Мазари-Шариф, Герат, Кандагар
Тил Пушту, Фарс тили
Дин Ислам
Акча бирдиги Ооган рупиясы
Аянт 652 225 км²
Калк 5 миллион адам (1920)
Башкаруу формасы Абсолюттук монархия
Сулале (династия) Баракзай
Эмир
 - 1823–1826 (алгачкы) Султан Мухаммад хан
 - 1919–1926 (акыркы) Аманулла хан

Тарыхы түзөтүү

1879-жылы кийинки англиялык-оогандык согуштан кийин эмир Мухаммад Якуб хан келишимге кол койгон, ага ылайык Ооганстан Улуу Британиянын протектораты болуп калган.[2]

Андан кийин мурда Орусия империясында жашынып жүргөн Абдурахман Ооганстандын эмири болот. XIX кылымдын аягында Абдуррахмандын тушунда Улуу Британия менен Орусия Ооганстандын азыркы чек араларын биргелешип аныкташкан.[3]

Эмир Хабибулла 1919-жылы 20-февралда мергенчилик учурунда өлтүрүлгөн.[4]

Эмир Хабибулланын үчүнчү уулу Аманулла атасы өлгөндөн кийин бийликке келген. Акырындык менен өлкөнүн Британ империясынан толук көз карандысыздыкка жетишти.

Он жылдык башкаруусунда Аманулла Ооганстанды тез жана толук реформалоого аракет кылган.

1923-жылы Аманулла Ооганстандын биринчи конституциясын чыгарды, анда ал мурда декрет менен белгиленген граждандык укуктардын гарантиялары бекитилген. Ошол учурдан тартып өлкө Ооганстан Падышалыгы конституциялык монархиясы болуп калды.[5]

Булактар түзөтүү