Назар Болот уулуманасчы.
Назардын чыгармачылыгыгынан кабар берген айрым эскерүүлүрдүн башка эч маалымат жок.
Назар. жарды киши болуп: «Аттан башка малым жок, Манастан башка жаным жок»,- деп ырдоочу экен.
Назарды угуп, көрүп билгендер анын жомокчулугу жөнүндө «Назар. чоң жомокчу болуп, үнү бийик эле, эпостун бөлүктөрүн толук айтат эле. «Манасты» айтып кызыган учурда топусу шилисине, бирде чекесине келип- кетип турчу экен» деген сөздөрдү гана айтышат.
Манасчы Мамбеталы Ашымбай уулунун «Каныйкейдин Тайторуну чапканын» Н. да айтчу экен» деген учкай кабары жана семетейчи Алмабек Тойчубек уулунун «Ал «Манасты» Кыдыр акени, Чыныбайды ээрчип айткан. Н. Кыдырдын жомокчусу болгон» деген маалыматы жана башка элдин айтуусу боюнча Н. чоң манасчы болсо дагы анын чыгармачылыгы жөнүндө анын манасчы Тыныбек менен айтышынан башка так малымат жок. Учурунда көлдүн атактуу манабы Чыныбай Н. менен Тыныбекти айтыштырып көргөн.
Н-дан Саякбай Карала уулунун устаттары Акылбек, Чоюке сыяктуу манасчылар «Манасты» үйрөнгөн дешет.
Эски акындардын, манасчылардын өмүрүн жакшы билген Саякбай Карала уулу «Манас» изилдөөчү З.Мамытбеков менен болгон аңгемесинде: «Ч.Валиханов "Көкөтөйдүн ашын" Ысык-Көлдөгү чоң манасчы Назар Болотовдон жазып алган» деп көрсөтөт.