Найман, Ноокат району - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак (1962-жылдан 2012-жылга чейин шаарча статусунда болгон). Найман айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 30 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 30 км. 1965-жылы негизделген. Өнөр жай ишканаларынан «Найман» галош заводу, «Толкун» АК жана «Улуу-Тоо» ЖЧК иштейт. Эки орто мектеп, китепканалар, 3 бала бакча, 2 медпункт, амбулатория, даарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануу жайлары, базарчалар иштейт.

Найман
Найман
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1965

Бийиктиктиги

1200

Калкы
Калкынын саны

1 754 [1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Калкы түзөтүү

Калкы - 1 754 киши[1]; негизинен кыргыздар (81,8%), о. эле орус, өзбек жана башка улут өкүлдөрү да жашайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.