Нарай

Кыргызстандын Ош облусунун Ноокат районундагы айыл

НарайКыргызстандын Ош облусунун Ноокат районундагы айыл. Он Эки-Бел айыл аймагына кирет.

Айыл
Нарай
Өлкө Кыргызстан
Облус Ош облусу
Координаттар 40°17′09″ с. ш. 72°20′59″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1780-1790 жылдары
Мурунку аталышы Нарай
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 2 261 [1] адам (2009)
Жыштыгы 3500 адам/км²
Сандык идентификаторлор
Нарай (Кыргызстан)

Мектеп ачылышы

түзөтүү

Президент Алмазбек Атамбаев 6-октябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Нарай айылындагы жана Каныбек Асранов атындагы мектептердин ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. “Сиздердин кесип сый-урматка татыктуу, ал эми "мугалим" деген сөздү адамдар ыраазычылык жана урмат менен кабыл алышат. Эң катаал мезгилдерде да сиздер өз кесибиңерди таштабай эмгектендиңиздер. Сиздер бүт убактыңыздарды биздин балдарды окутуп, тарбиялоого коротосуздар, өз өмүрүңүздөрдү мамлекеттин келечегине арнадыңыздар”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент белгилегендей, мектеп балдарга билим гана эмес, нравалык тарбия да бериши керек. “Силер жакшы окушуңар керек, анткени өлкөнүн келечеги силердин колуңарда. Ушул мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан Уркуя Салиева, Төрөбай Кулатов жана Насирдин Исановго окшогон жердештериңер сыяктуу көрүнүктүү адамдар чыксын”, - деди өлкө башчы. Мамлекет башчысы мектептерге окуу китептерин жана компьютердик техникасын тартуулады.

Калкы — 2261 киши (2009-жылы)[1].

Булактар

түзөтүү
  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.

2.


thumbnail