Нарай айылы округу- Бул айыл илгертеден эле Нарай деп аталып келген. Ар бир айлыдын өзүнүн жетишкендиктери жана өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Нарайдын суусу таза жана алмасы жакшы. Нарайда өзүбүздун Нарай орто мектеби бар жана мечитибиз бар. Биздин айылыбызда 3 чоң уруу бар алар: Төөлөс, Калдар, Найман.

Нарай
Баш ийгени

Нарай

Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1780-1790 жылдары

Мурунку аталышы

Нарай

Калкы
Калкынын саны

2 261 [1] (2009)

Жыштыгы

3500 адам/км2

Диний курамы

Ислам

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Нарай (кырг. Нарай) — Кыргыз Республикасынын Ош облусун Ноокат районундагы айыл. Он Эки-Бел айыл округу составына кирет.

Индекс 723416 - Нарай, село

Мектеп ачылышы түзөтүү

Президент Алмазбек Атамбаев 6-октябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Нарай айылындагы жана Каныбек Асранов атындагы мектептердин ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. “Сиздердин кесип сый-урматка татыктуу, ал эми "мугалим" деген сөздү адамдар ыраазычылык жана урмат менен кабыл алышат. Эң катаал мезгилдерде да сиздер өз кесибиңерди таштабай эмгектендиңиздер. Сиздер бүт убактыңыздарды биздин балдарды окутуп, тарбиялоого коротосуздар, өз өмүрүңүздөрдү мамлекеттин келечегине арнадыңыздар”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент белгилегендей, мектеп балдарга билим гана эмес, нравалык тарбия да бериши керек. “Силер жакшы окушуңар керек, анткени өлкөнүн келечеги силердин колуңарда. Ушул мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан Уркуя Салиева, Төрөбай Кулатов жана Насирдин Исановго окшогон жердештериңер сыяктуу көрүнүктүү адамдар чыксын”, - деди өлкө башчы. Мамлекет башчысы мектептерге окуу китептерин жана компьютердик техникасын тартуулады.  

Калкы түзөтүү

Калкы - 2 261 киши.[1]

3 000 киши (2014)

4 200 киши (2019)

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.

2.


thumbnail