Токмок

Токмок шаары‎»‎ барагынан багытталды)

ТокмокЧүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Чүй дарыясынын сол өйүзүндө жайгашкан шаар. 19-кылымдын башында Чүй өрөөнүн Кокон хандыгы басып алып, 1825-жылы Токмок чебин курган. 1866-жылы Токмок шаар статусун алган. 1867–78-жылы Токмок уездинин борбору болуп турган. 1878-жылы уезддин борборунун Пишпек шаарына көчүрүлүшүнө байланыштуу Токмок болуштун борбору болуп калган. 2002-жылдан Чүй облусунун борбору. Токмок шаары азыр Кыргызстандагы Бишкек менен Оштон кийинки өнөр жайы өнүккөн үчүнчү чоң шаар. 2005-жылынын каттоосу боюнча, 75'000 эли бар.[1].

Отурукташкан жай
Токмок
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Чүй
Координаттар 42°44′ с. ш. 75°15′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 13-май 1864-жыл
Аянты 55,35 км²
Борборунун бийиктиги 800-850 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили кыргыз тили
Калкы 71 443 адам (2021-жыл)
Улуттук курамы кыргыздар — 18,7 миң
орустар — 17 миң
дунгандар — 9,1 миң
өзбектөр — 4,9 миң
уйгурлар — 1,2 миң
казактар — 1,2 миң
башка улуттар — 6,1 миң citykr.kg
Диний курамы ислам, христиан
Этнохороним Токмоктук
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996-3138
Почта индекси 722200
Расмий сайты http://tokmok.org/ Калып:Ref-rus
Токмок (Кыргызстан)

Токмок шаарынан түштүк-батышыраакта Бурана шаар чалдыбары жайгашкан. Ал орто кылымдардагы өтө маанилүү шаарлардын бири - Баласагын шаарынын калдыгы болуп эсептелет. Баласагын шаары Караханийлер (Каракагандар) мамлекетинин түндүктөгү борбору болгон. Бул шаар Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан.

Токмок шаарынын аталышы мүмкүн токмок деген аспаптын атынан же байыркы түрктөрдүн «төкмөк»(төгүү, куюу) деген сөзүнөн пайда болгон. Себеби шаар Чүй дарыясынын жээгинде жайгашкан.

Мусульмандар бар. Орус православия христиандар бар, алардын Георгий Победоносец чиркөсү бар. Протестанттык христиандар бар, алардын "Дом Божий", "Храм Божий" жыйындары бар. "Ак бата" христиандык орто мектеби бар.

Маалымат каяктан алган

түзөтүү

Калып:Kyrgyzstan-geo-stub