Насыр Давлесов

Насыр Давлесов(Дөөлөсов)‎»‎ барагынан багытталды)

Насыр Давлесов1929-жылы 15-мартта Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кара-Булак айылында төрөлгөн. совет-кыргыз композитору жана дирижёр, педагог

Насыр Давлесов
Негизги маалымат
Толук ысымы

Насыр Давлесович Давлесов

Туулган датасы

15 -март 1929(1929-03-15)

Туулган жери

Кара-Булак айылы, Фрунзе, Кыргыз АССР, РСФСР, СССР

Өлгөн датасы

12 -июнь 2011(2011-06-12) (82 жаш)

Өлгөн жери

Бишкек, Кыргызстан

Өлкө

 ССРС
 Кыргызстан

Кесиптери

композитор,
дирижёр

Активдүү жылдары

19442011

Сыйлыктары
1- даражадагы «Манас» орденинин ээси
1- даражадагы «Манас» орденинин ээси
2-даражадагы «Манас» орени
2-даражадагы «Манас» орени

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер(1967), Кыргыз ССР Эл артисти(1974).

Өмүр баяны түзөтүү

Насыр Давлесов 1929-жылы 15-мартта Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кара-Булак айылында төрөлгөн. Бала чагында гармондо, мандолинада, комузда ойноп, алардын коштоосунда ырдаган. 1945-жылы Фрунзедеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын, 1949-жылы П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын дирижёрлук классында окуган. 1958-1962-жылдары К.Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик эл аспаптар оркетринин дирижёру, 1962-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын дирижёру, бир эле мезгилде В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыка кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
1968-жылы Ленинграддын Киров атындагы опера жана балет театрында сыноодон өтүп, "Дон Кихот" балетине дирижёрлук кылган. 1971-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору, 1978-жылдан профессор, 1983-1985-жылдары кайрадан Кыргыз опера жана балет театрында башкы дирижёр, 1985-1994-жылдары КММИнин эл аспаптар кафедрасынын башчысы. Анын чыгармачылыгына кыргыз фольклору менен терең байланыш, музыкалык-композиторлук каражаттарынын таасындыгыжана жергиликтүулүгү мүнөздүү.
Давлесов солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн "Биздин жер тууралуу ыр"(1957) кантатасынын "Түбөлүк даңк" апофеозунун(1967), 300дөн ашык ыр, романс жана хорлордун, "Айкөл Манас" аспаптык чыгармасынын(1993), 14 кантатанынж.б. автору. "Тактеке" симфониялык бийи(1958), вокалдык-симфониялык "Селкинчек" сүрөттөмөсү, "Чолпонбай жөнүндө баллада"(А.А.Александров атындагы күмүш медалга арзыган), "Аста-секин, колукту" музыкалык комедиясы(1979), "Элес" симфониялык поэмасы(1988), "Курманбек" операсы(1979, либреттосу Ж.Садыковдуку), "Жаштар кантатасы"(1978), "Колоратуралык үн үчүн концерт"(1985), "Скрипка үчүн каприччио"(2005), "Марш жана патриоттун ырлар"(2006) ж.б. чыгармалары кеңири белгилүү.
Кыргыз эл аспаптар оркестри үчүн "Токтогулдун күүлөрү" сюитасын жана башкаларды жазган. "Айнаш", "Саанчы жеңе", "Кыргыз жери" жана башка ырлардын, "Суусамыр өрөөнүндө", "Комуз күүсү" аттуу даректүү фильмдердин музыкасынын автору, П.Чайковскийдин "Евгений Онегин", Ж.Вердинин "Аида", М.Абдраевдин "Олжобай менен Кишимжан" операларын, К.Молчановдун "Макбет", Ж.Пуччининин "Богема", А.Хачатуряндын "Спартак", С.Прокофьевдин "Ромео жана Жульетта", М.Раухвергердин "Чолпон" балеттерин жана башка бир катар классикалык спектаклдерди койгон жана дирижёрлук кылган.

  • КРдин Гимнинин музыкасынын авторлорунун бири (1992).
  • Республикадагы жалпы билим берүучү мектептердин 1-4-класстарынын "Ырдоо", "Музыка" окуу китебин (Аманбаев, Койгелдиева менен бирге) жазган.
  • 1999-жылы Кемин районунун Кемин шаарчасындагы №3 орто мектепке ысмы берилген.
  • Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты(1978), "Ардак Белгиси", Эмгек Кызыл Туу, I, III даражадагы Манас ордендери менен сыйланган.

Булактар түзөтүү