Нейтрон радиография
Нейтрон радиография - текшерилүүчү үлгүнү нейтрон менен нурлантып, ал үлгүнүн сүрөтүн фотосезгич элементке түшүрүу методу.
- Нейтрон радиография методу түрдүү атом ядролор нейтрондорду түрдүүчө тартып алуу ыктымалдыгына негизделген. Эгер нейтрон менен нурлантылган үлгүнү фотоплёнка менен беттештирсек, анда өңүнө чыгарылган сүрөттө каралыгы түрдүүчө участкалар пайда болот.
- Өтө карарган жерлери нейтрондорду көбүрөөк жуткан (карман калган) ядролорго туура келет.
- Нейтрон радиография негизинен металлдарда, куймаларда жана минералдарда кошундуларды аныктоо үчүн колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.