Неотимизм - католицизмдеги Фо­ма Аквинскийдин окуусунан чыккан филос. мектеп; томизимдин өнүгүшүнүн азыркы этабы.

  • 1879-ж. Неотимизмди Ватикан кабыл алган.
  • Неотимизм Италия, Испа­ния, Франция, Германия, АКШ, Бельгияга жанa Латын Америкасына тараган.
  • Көрүнүктүү өкүлдөрү: Э. Жильсон, Ж. Маритен, В. Бруггер, А. Демпф, У. Падовани, Ф. Ольжати ж. б.
  • Неотимизмдин биринчи этабы окууну системалуу түрдө баяндоого байланышкан. Аны үгүттөө максатында Лувен ун-тине караштуу филос. окуу жайы, Ватиканда ыйык Фома академиясы, Парижде католиктердин ин-ту ж. б. ачылган.
  • Аларда Неотимизмдин кээ бир проблемалары иштелген. Экинчи дүйн. согуштан (193945) кийин Неотимизм азыркы бурж. философия системасында көрүнүктүү орун ээлейт. Ал ишеним менен кылды, ой жоруу менен эмппризмди гырттан байкоо менен тыкандыкты бирге калоону талап кылат.
  • Неотимизм — кудайга сыйынуунун философиясы. Анын негизги максаты — теологиянын «чындыгын» ачуу жанa аны жактоо. Неотимизмдин философиясында адам коому «табигый коом» катары эсептелет. Неотимизм «жакынын христианча сүйүү» ураанын үгүттөйт. Неотимизм маркстик диалект. жана тарыхый материализмге каршы турат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.