Ногойбаев Болотбек Бердибекович

Ногойбаев Болотбек Бердибекович (1955-жылдын Жетинин айынын онунда (10-ноябрь) туулган, Чүй облусу, Жайыл району,Тельман айылы) – милициянын генерал-лейтенанты (Президенттин жобосу менен 2007-жылдан, ИИМдин буйругу менен 2005-жылдан), юридика илимдеринин кандидаты. КМУну (1983), КСРБ ИИМ Академиясын (1987) бүтүргөн. 1976–77-жылы Пишпек станциясынын милиция бөлүмүндө милиционер, 1978–80-жылы инспектор, 1980–81-жылы инспекция башчысы, 1981–82-жылы ички иштер бөлүмүндө, 1982–85-жылы оперативдик иштер боюнча башчынын орун басары, 1987–90-жылы башчы, 1990–95-жылы Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы, 1995–96-жылы Талас облусунун ички иштер башкармалыгында оперативдик иштер боюнча башчынын орун басары, 1996– 98-жылы КР ИИМдин Кылмыш изилдөө башкармалыгынын начальниги, 1998–99-жылы Ош Облусттук ички иштер башкармалыгынын башчысы, 1999–2001, 2002–04-жылы КР ички иштер министринин орун басары, 2001–02-жылы КР ИИМдин Кылмыш изилдөө башкы башкармалыгынын башчысы, 2005-жылы февраль – август айларында КР Коопсуздук кеңешинин секретариатынын башкы инспектору, 2005–07-жылы жана 2008–09-жылы КРдин Баңги заттарды контролдоо агенттигинин директору, 2007–08-жылы КР ички иштер министри болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү