Нүзүп бий Эсенбай уулу

Нүзүп бий Эсенбай уулу (1794-1844) XIX кылымда Аксы аймагынан чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, аскер башчы. Кокон хандыгында кыргыздардын ичинен биринчи болуп «миң башылык» жогорку аскердик чинге жеткен тарыхый инсан. Нүзүп Эсенбай уулу 1794-жылы (айрым тарыхый булактар боюнча 1796-1798- жылдары) Аксы районунун Афлатун айлында төрөлгөн. Сарай козголоңу маалында 1844-жылы өлтүрүлгөн.

Кыскача өмүр таржымакалыОңдоо

Нүзүп Эсенбай уулу 1794-жылы Аксы жергесинде туулган. Атасы Эсенбай Кокон хандыгынын саясий турмушуна аралашкан, кыргыздын кадыр-барктуу адамдарынан болгон. Нүзүп бийдин саясий ишмердүүлүгүн 3 мезгилге бөлүп кароого болот: • 1816-1822 – ж.ж. Омор хан бийлик жүргүзгөн мезгил. Нүзүп бийдин саясий-аскердик ишмердиги Омор хан бийлик жүргүзгөн жылдардан башталат.

• 816-жылы атасы Эсенбай Кокон хандыгына аскер кызматын өтөөгө жөнөткөн. Аскер өнөрүн тездик менен өздөштүргөн Нүзүп тез аранын ичинде эле, «он башы», «жүз башы» аскердик чиндерин алууга жетишкен.

• 822-жылы Омор хандын буйругу менен Сафид-Булан калаасына коменданттыкка дайындалган.

• 1822-1840-ж.ж. Мадали хан башкарган мезгил. Нүзүп бийдин аскердик-саясий ишмердүүлүгүнүн өнүккөн мезгили катары кароого болот. Мадали хандын жекече тапшырмасы менен Оро-Төбө, Каратегин, Алай аймактарында тынчтыкты орнотууда, Бухара хандыгы менен болгон чек ара маселелерин тартипке келтирүүдө, өзүнүн тайманбастыгын, эр жүрөктүүлүгүн, чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, аскер кол башчы катары калыптана баштайт. Хандын көрсөтмөсү менен бир топ ири тапшырмаларды ийгиликтүү аткарат.

• 825-жылы кытай аскерлери Хотан шаарында камакка алган Кашкардын өкүмдары Жаангер кожону куткаргандыгы үчүн “паңсат” даражасы ыйгарылат.

• 1830-жылы кытайлар менен болгон “Гүлбах согушунда” көрсөткөн каарман эрдиги үчүн беш жүз башылыкка дайындалган.

• Мадали хандын буйругу менен 1831-жылы Кокон хандыгы менен Кытай мамлекетинин ортосунда келишим түзүү максатында Алим пааша жетекчилик кылган делегациянын коопсуздугун сактоо милдети жүктөлүп, Нүзүп Пекин шаарына барган. Натыйжада, Чыгыш Түркстандагы антициндик кыймылынан корккон Кытай өкмөтү 4 пукттан турган келишим түзүүгө аргасыз болушкан. Алим пааша, Нүзүп паңсаттын жетекчилиги астында түзүлгөн бул келишим бир жактуу болуп, кытайлыктар үчүн өтө ыңгайсыз болгону тарыхта белгилүү.

• 1832-жылы Кокон хандыгындагы жалпы кыргыз аскерлер бөлүгүнө аскер башчы болуп дайындалган.

• 1834-жылы Кара-Тегин согушунда көрсөткөн эрдиги, аскерлерди башкаруудагы тактыгы, каармандыгы, алдын ала көрө билгичтиги үчүн Мадалы хан тарабынан “датка” даражасы ыйгарылган.

• 1841-жылы Рушан, Шуган, Бадахшан аймактарында тартип орнотуп, абалды жөнгө салуу үчүн жөнөтүлөт. Нүзүпкө чоң укуктар берилип, аталган аймактардын аскер башчысы жана коменданты болуп дайындалган.

• 1842-1844-ж.ж. Шералы хандын мезгили. Нүзүп бийдин саясий ишмердүүлүгүнүн “гүлдөө” жана кризис мезгили катары кароого болот.1841-жылы Мадали хан өлтүрүлгөн соң хан тактысына мураскор издей башталат. Кыргыздар үчүн бийликке жетүүнүн тарыхый мезгили келет. Ордодогу саясий иштерге түздөн-түз аралашып, бийликти алуунун ыкмаларын Нүзүп жакшы билген. Нүзүп кыргыздын ак сөөк билермандарын чогултуп, алар менен бирдикте хан тактысына талапкерлерди талкуулашат. Нүзүптүн хан болууга лидерлик сапаты, эл арасындагы аброю, эрки, аскердик тажрыйбасы да жетишерлик эле. Бирок, хан болуу укугуна ээ болгон “Алтын бешиктин” урпактарынан эмес эле.

• Нүзүптүн сунушу менен Таласта жашап турган миң династиясынын урпагы Шералыны хан көтөрүүгө токтолушат. 1842-жылы жай айында Нүзүп баштаган топ Таластан Шералыны алып келүүгө жөнөгөн. Шералыны үй-бүлөсү менен Афлатун айылынан 15-20 чакырым алыстыкта жайгашкан азыркы Кара-Суунун боюндагы Жаркынайымдын атасы Токтоназардын айлына көчүрүп келет. Нүзүп Жаркынайымдын таякеси болгондугу белгилүү.

• 1842-жылы Нүзүн бийдин жетекчилиги астында, аксылыктар Сафид-Булаңда Шералыны хан көтөрүшөт. Нүзүптүн буйругу менен азыркы Чаткал, Ала-Бука, Аксы аймактарынан аскер, курал-жарак топтолгон. Афлатун айылындагы Ой-Алма, Кууганды, Балтыркан жайлоолорунда өскөн “ак четинден” курал жасаттырган. Алайлык кыргыздарга кабар жиберилген.

• 1842-жылы Нүзүптүн жеткечилиги астындагы топтолгон аскер ордону алууга аттанган. Коконду курчоого алып, Бухара эмиринин марионеткасы Ибрагим хайал тактан кулатылат. Ордону ээлеген кыргыздар Шералыны Кокон ордосундагы хандык такка отургузушат.

• Шералы хан тактысына отураары менен Нүзүп миң башчылык кызматты ээлейт. Миң башы - хандан кийинки адам, ошол эле учурда башкы аскер башчы болуп саналган. 167 жыл жашаган Кокон мамлекетинде кыргыздардан Нүзүп бий гана миң башылык кызматты ээлеген.

• Шералы хандын доорунда Нүзүп ордодогу эң таасирлүү, күчтүү фигурага айланган. Нүзүпсүз мамлекеттик чечимдерди Шералы кабыл алууга кудурети жеткен да эмес. Шералынын экинчи бир кеңешчиси анын аялы - Жаркынайым болгон. Кокон мамлекетин чыңдоого миң башы катары бир топ иштерди аткарат:

• 1843-жылы Ташкент шаарын кайрадан Кокон хандыгына баш ийдирет.

• 1843-жылы Оро-Төбөнү Кокон хандыгына кайра кошот.

• Ордодогу Нүзүптүн аброюнун өсүшү бийликти самаган топторго жаккан эмес. Бийлик мунарасына жетүү үчүн Мусулманкул жана Шады датка уюштурган саясий оюндардын натыйжасында ордодон четтетилет.

• 1844-жылы Маргалаңда аким болуп дайындалат. Ордодон алыстаганы менен анын кеңеши Шералы үчүн маанилүү болгон. Уюшулган топ бийликти алуу үчүн Шералы ханды өлтүрүү эмес, оболу Нүзүптү саясий аренадан кетирүү планын иштеп чыгышкан.

• 1844-жылы Шерали хандын чакыруусу менен Кокон ордосуна келе жатканда, жолдон аңдып тосуп турган топ менен кармашта, 12 жоокери менен курман болот. Кокон мамлекетине 28 жыл кызмат аткарган Нүзүп ак жерден өлтүрүлгөн. XIX кылымдын 20-40-ж.ж. Кокон мамлекетинин тарыхында өз изин калтырган улуу инсандардын бири, Нүзүптүн урпактары бүгүнкү күндө Афлатун айылында жашашат. Нүзүп тууралуу тарыхый булактар: Нүзүп тууралуу ордодо кызмат өтөгөн, авторлордун эмгектери Кокон шаарындагы край таануу музейинде сакталып турат. Алардын катарына Жунаид Мулла Аваз Мухаммаддин “Тарихи жахонномаси”; Мулло Олим Махмуддун “Тарихи Туркистон” (Ташкент, 1915); Мулло Мирзалим Тошкондийдин “Ансоб-ус салотин ва таворих-ал хавокин”; Мулло Гариб Маргилонийдин “Таснифи гариб”; Мухаммед Хакимхан төрөнүн “Мунтахаб ат таварих” ж.б. чыгармаларын кошууга болот.

Нүзүп жөнүндөгү айрым гана маалыматтарды Г.И.Потанин, В.В. Вельяминов-Зернов, В.П. Наливкин сыяктуу орус чыгыштаанучулары жазып калтырышкан.
Нүзүп жашаган доор, андагы саясий окуялар туурасында окумуштуулар Р. Н. Набиев, В. М. Плоских, Т. К. Бейсембиев, Т. Кененсариев, К.Молдокасымовдордун илимий эмгектеринде чагылдырылган.
Белгилүү жазуучу Т. Касымбековдун “Сынган кылыч” романында Нүзүп бийдин образы көркөм баянлдаган.
Ал эми, тарых илимдеринин доктору Ж.Б.Алымбаевдин жергилүктүү жана орус булактарына таянып “Нүзүп бий”- аттуу илимий-популярдуу китеби жарык көргөн. Аталган эмгекте кыргыз тарыхнаамасында биринчи жолу Нүзүп бийдин аскердик-саясий ишмердүүлүгүнө, хандыктын тарыхындагы Нүзүптүн ролуна анализ берүүгө аракет жасалган. Бул маалымат баракчасы кыргыз элинин улуу инсандарынын бири мамлекеттик жана аскердик ишмер - Эсенбай уулу Нүзүп бийдин 220 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата чыгарылды.

Интернеттеги шилтемелерОңдоо