Ой-Кайың тоосуЖумгал кырка тоосунун Түштүк-батыш тармагы. Ой-Кайың, Көкөмерен, Миң-Теке, Чет-Кууганды, Орто-Кууганды суулары (Жумгалдын оң куймалары) менен чектешет. Узундугу 36 км, туурасы 20 км. Орточо бийиктиги 3800 м, эң бийик жери 4273 м. Тоонун Түштүк-батыш бөлүгүнүн кыры кууш, аскалуу, кокту-колоттуу келип, Кызыл-Ойду караган тик капталы тоо тектеринин сыныктары жана эшилме кумдар менен капталган. Түндүк-чыгышында мөңгүлөр болгон, байыркы түздүктөр Жумгал ойдуңуна карай жантайыңкы, айрым жеринде жалама аскалар кездешет; капталдары капчыгайлуу. Тоонун ортонку бөлүгү бийик, тегерегиндеги суу өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийиктиги 1800–2000 м. Чоң-Боронду (3800 м), Жол-Боронду (3780 м), Миң-Теке (3104 м), Ой-Кайың (3401 м) ашуулары бар. Түндүк-батышы филлит, кумдук, алевролит, ортонку бөлүгү гранит, түндүк-чыгышы базальттуу жана андезит-базальттуу порфирит, туф, туф-конгломерат тектеринен турат. Тоого талаа (2500 м бийиктикке чейин), бадал, токой аралашкан шалбаалуу-талаа, айрым жерде субальп шалбаасы (3000–3600 м), андан жогору альп зоналары мүнөздүү. Жайыт; шалбаалары чабынды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү