Октябрьское (кырг. Октябрьское) ― Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Октябрь айыл аймагына караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгышында, Ак-Суу менен Каракол суусунун ортосундагы түздүктө, деңиз деңгээлинен 1693 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка кыштагынан 6 км түндүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 225 км. Орто мектеп, 2 китепкана, медпункт, маданият үйү бар.

Октябрь
Октябрь
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышы

Маман

Калкы
Калкынын саны

1 857 [1] (2021)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Почта индекси

721812[2]

Калкы түзөтүү

Калкы - 1857 киши (2021)[1], негизинен мал багат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү