Ок (дары) (моңголчо кымыздан тартылган күчтүү арак, спирт) — элдик медицинада колдонулган дарынын бир түрү. Эпосто жарадар адамдарга аны жуткуруп, кайра кустуруу аркылуу ичке толгон кандан тазалангандыгы төмөнкүчө берилет:

Жарадардын баарысын

Жастык коюп башына,

Ок жуткуруп окшутуп,

Тинтүүр менен түрткүлөп

Бекиткен окту копшутуп (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 824-б.).

Ок аттоо — элдик эски түшүнүк. Элде ок тийип жарадар болгондо адамды күнөөсү жок аял аттаса денедеги ок өзү түшүп, жара айыгат деген ишеним болгон.

Мындай ишеним «Семетейде» да бар. Семетей Коңурбайдан оор жарадар болгондо Айчүрөк ак куу кебин кийип учуп барып, биринчи, экинчи жолу аттаганда ок түшпөйт. Канчоро менен Күлчоро Айчүрөктүн тазалыгынан шекшинип.

дүмөктү салганы даяр турушат. Айчүрөк ошондо:

Эч жазыгым жок эле,

Ак этектен түшпөгөн,

Арманга бүткөн мына бул

Алда кандай ок эле! ( «Семетей» , 265), — деп озондоп ыйлап, солкулдап үчүнчү жолу аттайт.

Семетейдин үстүнөн Акырын аттап жылжыды, Аяктай болгон коргошун Эр Семеңдин ичинен Кулаткан таштай ыргыды! Буга караганда Айчүрөктүн перилиги, ак никеден жаңылбагандыгы менен үч аттагандыгы өзүнчө күчкө ээ. Анткени, үч байыртадан эле кереметтүү, сыйкырдуу сан катары эсептелген. Үч баштуу кудайлардын үч бир тууган экендиги, үч дүйнө (асман, жер, жер алды) жана башкалар Демек, үч саны жөнөкөй сандардан эмес экендигин айгинелейт. О. а. сыяктуу мындай байыркы магиялык түшүнүктөр башка түрк элдеринин эпостору менен жомокторунда да көп жолуккан салт. Алтайлыктардын баатырдык жомогунда Ак-Буркан кызы Ак-Тажди чыккынчы тарабынан өлтүрүлгөн Алтай-Буучайдын сөөгүн аттаганда ал тирилет. Ошентип, О. а. элдин мифтик түшүнүктөрүнүн элдик чыгармаларда чагылдырылышы болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4