Оорулар номенклатурасы жана классификациясы
Оорулар номенклатурасы жана классификациясы— оорулардын, патологиялык абалдардын тизмеси, белгилери боюнча топтолушу.
Эл аралык статистикалык классификациянын негизинде 1970-жылдан оорулар 17 класска бөлүнөт:
- 1) жугуштуу жанa мите оорулары;
- 2) шишиктер;
- 3) эндокрин системасынын оорулары ж-a зат алмашуунун бузулушу;
- 4) кан жанa кан пайда болуучу органдардын оорулары;
- 5) психикалык оорулар (алардын ичинде невроздор);
- 6) нерв системасынын жанa сезгич органдардын оорулары;
- 7) кан жүрүү системасынын оорулары;
- 8) дем алуу;
- 9) тамак сиңирүү;
- 10) сийдик жанa жыныс органдарынын оорулары;
- 11) бойго бүтүүнүн, төрөттүн жанa төрөттөн кийинки кабылдоолор;
- 12) тери, тери астындагы клетчатканын;
- 13) сөөк, булчуддардын жанa туташтырма ткандардын оорулары:
- 14) тубаса аномалиялар;
- 15) ымыркай балдардын оорукчандыгынын жана өлүмүнүн себептери;
- 16) симптомдор жанa так эмес абалдар (уйкунун бузулушу, баш оору ж. б.);
- 17) кокустан болгон кырсыктар, уулануу, травмалар.
Булактар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.