Органикалык эмес полимерлер
Органикалык эмес полимерлер - молекулалары орг. эмес чынжырчалардан куралган полимерлер.
- Бул заттарда атомдор жанa атомдордун тобу бир бири менен коваленттүү, кээде координациялык байланыш менен кошулушкан.
- Органикалык эмес полимерлерге жаратылышта кеп кездеше турган минералдар, кычкылдар (кварц, корунд, рутил, кремнезём), таза кездешүүчү күкүрт, силикаттар жанa алюмосиликаттар (слюда, асбест, тальк, чополор ж. б.) кирет.
- Органикалык эмес полимерлер чынжырлардын составына жараша гомочынжырлуу жана гетерочынжырлуу болуп бөлүнөт.
- Гомочынжырлуу Органикалык эмес полимерлерди В, Si, Р, As, Bi, S, Se, Te, Sn, Ge ж. б. элементтер пайда кылат.
- Гетерочынжырлуу Органикалык эмес полимерлерди пайда кылуучу элементтер алда канча көп.
- Алардын көпчүлүгү жог. темп-рада эрий тургандыгы, катуулугу менен орг. полимерлерден айырмаланат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.