Абдыкадыр Орозбеков

Кыргызстандын мамлекеттик ишмер
Орозбеков, Абдыкадыр‎»‎ барагынан багытталды)

Абдыкадыр Орозбеков (1889-жыл, Охна айылы, Фергана облусу, Орусия империясы1938-жыл, Таш-Дөбө, Чүй облусу, КССР, КСРБ) — Кыргызстандын совет доорундагы ири мамлекеттик ишмери, кыргыз совет мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири.

Абдыкадыр Орозбеков
Абдыкадыр Орозбеков
Желек
Желек
Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун Председатели
желек
желек
12-март 1927 — 23-март 1937
Андан мурунку: Иманалы Айдарбеков (Кара-Кыргыз ревкомунун төрагасы)
Андан кийинки: Пост жоюлган
Желек
Желек
Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун Председатели
желек
желек
23-март 1937 — 16-сентябрь 1937
Андан мурунку: Пост орнотулду
Андан кийинки: Токобаев Молдогазы
 
Туулган жылы: 1889 жыл(1889)
Туулган жери: Охна айылы, Фергана облусу, Орусия империясы
Каза болгон жылы: 1938 жыл(1938)
Каза болгон жери: Таш-Дөбө, Чүй облусу, КССР, КСРБ
Атасы: Орозбек
Жубайы: Адалат
Балдары: 2 уул, 1 кыз
Партиясы: ССКП

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Абдыкадыр Орозбеков азыркы Кыргызстанга караштуу Баткен облусундагы Кадамжай районунун Охна кыштагында туулган.

1907-1916-ж наабайчыга жалданып иштеген.

Түркстандагы жумушчу кыймылына катышкан.Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоо үчүн күрөшкөн, атуулдук (жарандык) согуш мезгилинде катардагы жоокердне отряд командирине жана саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн.

1920-1923-ж айылдын,болуштун,райондун революциячыл комитеттерин башкарган.

1924-1925-ж Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, катчысы болгон.Тоолуу Кара Кыргыз областынын жумушчу,дыйкан жана солдат депутаттар советинин уюштуруу съездине делегат болуп, анда Тоолуу Кара Кыргыз областтык АКнын (Аткаруу Комитетинин) төрагалыгына шайланган.

1925-жылдын 31-мартында Кара Кыргыз автоном облусунун биринчи уюштуруу курултайында Кара Кыргыз автоном облусунун Төрагалыгына депутаттар тарабынан шайланган. Ошентип, бүгүнкү эгемен Кыргыз мамлекетинин биринчи Президенти Абдыкадыр Орозбеков болгон десек акыйкат кеп болот.

1926-жылы Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.

Жусуп Абдрахмановду Кыргыз АССР Эл комиссарлар Кеңешинин төрагалыгына дайындоо жөнүндөгү токтомго кол койгон.

Кыргыз АССР Конституциясын иштеп чыгууга чоң салым кошкон. Касым Тыныстановду Эл агартуу министри кылып дайындаган. Төрөкул Айтматовду( Чынгыз Айиматовдун атасы) Жалал Абадга аким кылып дайындаган.

1936-ж Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.

Ошентип, чыгаан инсан Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айыны чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы, азыркыча айтканда Президенти болуп абийирдүүлүк менен иштеген.

Сталинизм доорунда жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган. 1938-жылы май айында аттырылган. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө түн жамына башка Кыргыз интеллигенциясы (Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов) менен кошо коюлган.

1956-ж 21-майда партиялык жагынан акталган.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Ачык булактарда Орозбековдордун үй-бүлөсү тууралуу маалымат аз. Ошого карабастан анын жубайынын аты Адалат экени маалым. Жубайлар эки уул, бир кызды тарбиялап өстүрүштү. Абдыкадыр өлүм жазасына тартылгандан кийин түзүлгөн кырдаал анын аялы менен балдарын фамилияларын жана фамилияларын өзгөртүп, тез арада үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз кылган. Орозбековдун айыл-кыштактарда жашаган туугандары да эл душманы деп жарыяланып, куугунтукка алынган.

1956-жылы Абдыкадыр Орозбековдун ысымы толук реабилитацияланган. Андан соң анын жакындары мекенине кайтып келишкен.[1][2]

Анын айткан сөздөрүнөн түзөтүү

 
Абдыкадыр Орозбеков

Эгемен Кыргызстан маалында Орозбековдун эстелиги ар кыл жерлерде орнотулду. Анын ишмердиги иликтенүүдө. Ал айткан осуят сөздөр кайра таразаланууда."Акыйкат акыры жеңет"

"Ажал бизди алып кетсе, эл эмгектен эскерет"

"Бул дүйнөдө ким карып? Карышкырдан кайыр күткөн кой карып, Каркчыдан кайыр күткөн калк карып"

Кыргыз элинин сан кылымдык тарыхында көзү өткөндөн кийин элеси көп жылдар бою элдин эсинде сакталып калган бөтөнчө адамдар бар... Элдин сүймөнчулүгүнө ээ болуп, сый – урматына арзыган адамдардын арасында татыктуу орун Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөштүн активдүү катышуучусу, Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин биринчи төрагасы Абдыкадыр Орозбековго да таандык.

Абдыкадыр Орозбеков 1889 – жылы Кадамжай районундагы Охна кыштагында өмүр бою жалчылык кылып, алакандай жерин иштетип, өлбөстүн күнүн көргөн чайрыкердин үй – бүлөсүндө туулган. Абдыкадыр кабыргасы ката элек чагынан тартып байлардын пахта талааларында маңдай терин агызып, андан соң Фергана, Кокон, Анжиян калааларындагы ишканаларда жумушчу болуп иштеп, жалчылыктын азабын жакшы эле тарткан.

 
Абдыкадыр Орозбеков “Эркин-Тоо” гезитинде, 1926 ж.

Анын саясий көз караштарынын калыптануусу колониялдык режимдин катаал шарттарында майда ишканаларда эмгектенген көп улуттуу жумушчулар арасында жүргөн.

1916–жылы А. Орозбеков администрациянын резервдеги жашы өйдөлөп калган жумушчуларды аскерге алуу жөнүндөгү буйругу менен чакырылган Анжиян шаарындагы иш таштоого катышкан. Ошондо ал биринчи жолу Фергана шаарындагы жандармдардын куугунтугунан качпай, ээн – эркин жүрө алган. Ал эми 1917–жылдын январында ал өзү иш таштоого жетекчилик кылган, анда наабайкананын жумушчулары жеңишке жетишкен эле. А. Орозбеков кожоюнунун жалаасы боюнча камакка алынып, бирок, жумушчулардын кысымы менен абактан тез эле бошонуп чыккан.

Февраль революциясынын күндөрүн А. Орозбеков Фергана шаарында өткөргөн. Анда ал наабайчылардын, кол өнөрчүлөрдүн шахтёрлордун ж.б. секцияларын уюштуруу иштери менен алектенчү. Кийин ошол секциялар Чебер жумушчулар жана кызматчылар союзуна биригип, большевиктердин жетекчилиги астында кезектеги саясий күрөштө маанилүү роль ойногон.

Убактылуу өкмөткө каршы күрөштүн тушунда А. Орозбеков Чебер жумушчулар жана кызматчылар союзу тарабынан Жумушчу – солдат депутаттардын Фергана областык кеңешине, Маргалаң уездик жана шаардык аткаруу комитеттеринин президиумуна мүчө болуп шайланат.

1918–жылы 6–августта А. Орозбеков большевиктердин катарына өтөт. Ушундан баштап ал Совет бийлиги үчүн революциялык күрөш жолунда тикесинен тик турат. Алгач ал Ак – Арык айыл чарба коммунасын жана андагы коммунисттер ячейкасын уюштурат.

1920 – жылы бир эле мезгилде Чимион революциялык комитетинин төрагасы, Үч – Коргон кантондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, Маргалаң кантондук аткаруу комитетинин төрагасы кызматтарын ээлеп турганда, басмачылар одряддарына каршы согуштарга катышкан, айыл – кыштактарда Совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөн, “Кошчу” союзун уюштурууга, аны бай – манаптар менен дин кызматчыларынан арылтууга көмөктөшкөн.

1927 – жылы 7 – 12 – мартта Пишпекте өткөн Кыргыз АССРинин Советтеринин 1 – уюштуруучу курултайында А.Орозбеков Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат. Балтыр эти толо элек чагынан кедейчиликти башынан кечирип, ысык – суукка урунуп жүрүп, республиканын жетекчилик кызматына келген Абдыкадыр дайыма эмгекчил элдин абалына күйүп – бышып, аларды бакубат жашоого келүүгө бүт күчүн жумшаган.Ал элеттин жашоосун, эмгекчил элдин турмушун жакшы билген, ошондуктан, акыркы деми калгыча, каруусун казык, канын азык кыла өзүн элдик ишке арнаган.Партия менен өкмөт анын жарандык согуш жана социялисттик курулуш жылдарындагы эмгегин жогору баалап, контрреволюция менен болгон күрөштө корсөткөн эрдиги үчүн согуштук курал жана мотоциклет менен сыйласа, комсомолдук жана коомдук уюмдар ага алтын төш белги таккан, ал эми Өзбек ССРнин өкмөтү аны Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйлаган.

Системалуу билим албай, жазганды жана окуганды Октябрь революциясынан кийин гана үйрөнгөн А. Орозбеков Коммунисттик партиянын эл ичинен суурулуп чыккан кадрларды өстүрүү

Тууралуу камкордугунун аркасында таптык күрөштүн чоң мектебинен өтүп, Кыргызстандагы чарбалык жана маданий курулуштун маанилүү тапшырмаларын чечүүгө катышкан ири масштабдагы мамлекеттик ишмер деңгээлине чейин көтөрүлө алган. Бирок, анын социалисттик курулушка арналган өмүрү 1938 – жылы 28 – майда ак жеринен кыйылып, сөөгү Ала – Арча көрүстөнүнө түн жамына жашырылган...

А. Орозбеков 1956 – жылы 21 – майда Кыргызстан К(б)П БКнын бюросунун чечими менен акталган. 1994 – жылы толук акталган [3].

Ал тууралуу адабият түзөтүү

  • Кыргыз энциклопедиялары.
  • Кыргызстандын тарыхы китептери.
  • Каныбек Абдыкадыров. Абдыкадыр Орозбеков - Кыргызстандын биринчи жана уулу мамлекет башчысы. Бишкек, "Бийиктик" басмасы, 2009. 385 бет
  • Каныбек Абдыкадыров Абдыкадыр Орозбеков (Эскерүүлөр) Бишкек, "Ал Салам" басмасы, 2015, 225 бет.

шилтемелер түзөтүү

Булактарга шилтемелер түзөтүү

  1. https://ru.sputnik.kg/20221225/abdykadyr-orozbekov-biografiya-1071472946.html
  2. https://open.kg/about-kyrgyzstan/famous-personalities/historical-figures/34593-orozbekov-abdykadyr.html
  3. Шоокум журналы№8(37), баш оона(август), 2009 – жыл.