Орто-Азия улуттук мамлекеттик бөлүнүшү
Орто-Азия улуттук мамлекеттик бөлүнүшү 1924—25-ж. Компартиянын лениндик улут саясатынын негизинде Совет мамлекет тарабынан ишке ашырылган.
- 1917-ж. 2(15)-ноябрда кабыл алынган «Россия элдеринин укуктарынын декларациясында» Россияда жашаган элдердин эркиндиги, теңдиги, өз алдынча мамлекет түзүү укугу жарыяланган.
- 1918-ж. О. Азия элдери жашаган аймак РСФСРдин составындагы Түркстан АССРине, Хорезм жана Бухара Совет республикаларына бөлүнгөн.
- 1924-ж. Бухара. Хива, Түркстан КПБКсынын пленумдары улуттук мамлекеттерге бөлүү үчүн саясий-экон. шарттандын жетилгендигин белгилеген. РКП (б) БК 1924-ж. июнда О. Азиянын парт, уюмдарынын бул сунуштарын жактырган.
- 1924-ж. 14-октябрда РСФСР ББАК-тын 2-сессиясы Түркстан АССРин өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган.
- СССР БАКтын 1924-ж. 27-октябрдагы токтомуна ылайык О. Азияда Туркмен ССРи жана Өзбек ССРи (1924-ж. 27-окт.), Озбек ССРинин карамагында Тажик АССРи (1924-ж. 14-окт.), РСФСРдин карамагында Кара Кыргыз АО (1924-ж. 14-окт.) жан Каракалпак АО (1925-ж. 11-февр.) түзүлгөн. Түркстан АССРиндеги казактар басымдуулук кылган аймактар жаңы түзүлгөн Казак АССРине бириккен.
- Кара Кыргыз АО 1925-ж. майда Кыргыз АО, 1926-ж. февралда Кыргыз АССРи аталып, 1936-жылдагы СССР Конституциясынын негизинде Кыргыз ССРине айланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.