Палермо ташы - байыркы египет анналдарынын тексти чегилген дио­рит жалпак таштын сыныгы (43,5 X Х25 см).

1877-жылдан Италиянын Палермо шаарындагы музейде (аталышы ушундан) сакталууда. Кыязы таштын эни 2 м, уз. 60 см болсо керек. Анын бир нече майда бөлүгү Каир жана Лондон музейлеринде. Анналдардын текста V династия тушунда (б.ч. 25-к.) чегилип, 6—7-кылымдарга тиешелүү. Палермо ташы Байыркы Египет хронологиясы боюнча фараондордун экономикалык аскердик жана диний саясаты жөнүндө баалуу маалыматтарга бай.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.