Палестина 1996 жайкы Олимпиада оюндарында
Палестиналык спортчулар 1996-жылы 19-июлдан 4-августка чейин АКШнын Жоржия штатынын Атланта шаарында 1996-жылы өткөн Жайкы Олимпиада оюндарына катышкан. Палестиналык делегациянын курамында бул мелдештерге эки спортчу Мажед Абу Марахил, Ихаб Салама жана бир расмий адам, Палестинанын Олимпиада комитетинин президенти Муаммар Биссис барышкан.
ЭОК коду: | PLE | |||
УОК: | Палестина улуттук олимпиада комитети | |||
Атлантадагы Олимпиада оюндары | ||||
Спортчулар | 2 спортчу 1 Спорттун түрү боюнча | |||
Туучу | Мажед Абу Марахил | |||
Медалдар | Алтын | Күмүш | Коло | Баардыгы |
' | 0 |
0 |
0 |
0 |
Жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу | ||||
1996 • 2000 • 2004 • 2008 • 2012 • 2016 • 2020 • 2024 • 2028 • 2032 | ||||
Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу | ||||
1994 • 1998 • 2002 • 2006 • 2010 • 2014 • 2018 • 2022 • 2026 • 2030 |
Олимпиада комитети 1930-жылдары түзүлгөнү менен палестиналыктар фашистер тарабынан куугунтукка кабылбаш үчүн 1936-жылкы Олимпиадага катышкан эмес. Палестинанын Олимпиадалык комитети (ПОК) түзүлгөндөн кийин, өлкөнүн өкүлдөрү катышкан биринчи оюндар 1996-жылы Атланта Олимпиадасы болгон. Жеңил атлетика боюнча спортчу Абу Марахил Олимпиада оюндарына катышкан биринчи палестиналык спортчу болуп калды. Ал өзүнүн багыты боюнча өткөрүлгөн биринчи турдагы сынактарда акыркы орунду ээлеп, сынактын кийинки этабына өтө албаган. Ошентсе да оюндардын ачылыш аземинде мамлекеттик тууну Абу Марахил көтөргөн.
Тарыхы
түзөтүүЭл аралык олимпиадалык комитетке мүчө болуу
түзөтүүКөп улуттуу Палестинанын Олимпиада комитети (анын курамына еврей жана араб спортчулары кирген) 1931-жылы Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) тарабынан таанылганы менен, фашисттик куугунтуктан улам 1936-жылы Берлинде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катыша алган эмес[1]. Комитеттин эл аралык таануусу 1967-жылга чейин созулду. Ал ортодо алты күндүк согуш башталып, Израил Палестина аймагын басып ала баштады[2]. ЭОК 1993-жылы Осло келишимдерин ратификациялагандан кийин комитетти таануу кайрадан кийинкиге жылдырылды[1]. 1982-жылы Азиянын Олимпиадалык кеңешине кирүүдөн баш тарткан Израиль мамлекети Палестинанын Олимпиадалык комитетин таануу жана палестиналык спортчулардын Олимпиада оюндарына катышуусу тууралуу чечимине нааразылык билдирген. Израилдин Олимпиада комитетинин (ИОК) президенти бул нааразылык акциясын саясий пропаганда катары баалады. Ошондой эле, ЭОК Палестинанын Олимпиадалык комитетин тааныса дагы, бул чечимге каршылык көрсөтө турганын билдирди[3].
Палестинанын улуттук бийлигинин колдоосу астында Палестина мамлекетине 1996-жылы Америка Кошмо Штаттарынын Джорджия штатынын Атланта шаарында өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берилген. Эки спортчудан турган өлкөнүн командасы жайкы Олимпиада оюндарына келген биринчи Палестинанын олимпиадалык командасы болуп калды[1].
Делегация
түзөтүүThe New York Times гезити жазган маалымат боюнча, 1994-жылы Жапониянын Хирошима шаарында өткөн Азия оюндарында Палестинанын спорт өкүлдөрүнүн бири 1996-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарына өлкөдөн 20га жакын спортчудан турган делегацияны жөнөтүүгө үмүттөнөрүн билдирген. Бир жылдан кийин оюндарга жибериле турган спортчулардын болжолдуу саны алты киши болгон[4]. Олимпиада оюндары өткөрулө турган жылы Палестинанын Жеңил атлетика федерациясынын президенти Нахил Мабрук мелдештерге үч спортчуну, анын ичинде алыскы аралыкка чуркоо боюнча Маджед Абу Марахил, Ихаб Салама жана спортчу Ясер Али-Дибди жиберүүнү максат кылып жатканын билдирди. Ясер Али-Диб 1995-жылы Египеттин Каир шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча Араб чемпионатында коло медалга ээ болгон[5]. Ошондой эле, Ясер Али-Диб Улуттук Олимпиада комитетинин Батыш жээктеги бөлүмү тарабынан тандалган жалгыз спортчу аял болгон[6].
Палестинанын ошол кездеги Олимпиада комитетинин президенти Муаммар Биссиссо билдиргендей, делегациянын курамындагы спортчулардын саны 40ка чейин жетиши мүмкүн эле. Бирок Израил өкмөтү палестиналык калган спортчулардын Олимпиадага катышуусу үчүн керектүү документтерди бекитип берген эмес. Кийинчерээк делегациянын курамына эки гана спортчу, жеңил атлетчи жана Force 17 гвардиячысы Маджед Абу Марахил жана эркектер арасында 10 миң метрге чуркоо мелдештеринде Палестинанын Футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Ихаб Салама эркектер ортосундо 5000 метрге чуркоо боюнча мелдештерде катышуу үчүн Олимпиадага жиберилген[7] . Бирок кийинчерээк Ихаб Салама белгисиз себептерден улам белгиленген багыт боюнча мелдештерге катышкан эмес[8].
Ачылыш аземи
түзөтүү1996-жылкы жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде өлкөнүн желегин Мажед Абу Марахил көтөрүп чыккан. Анын негизги максаты Палестина мамлекети да бар экенин бүткүл дүйнөгө эскертүү экенин айткан[9]. Оюндар учурунда ИОК менен ФОК ортосундагы мамилелер абдан достук маанайда өткөн жана тиешелүү комитеттердин президенттери Эфраим Зингер менен Муаммар Биссиссол ачылыш аземинде жолугушкан. Эл аралык олимпиада комитети Израиль өкмөтүнүн Палестинанын Олимпиада комитетине каршылыгын расмий түрдө айыптаган, Палестинанын делегациясын Эл аралык олимпиада комитетинин Тель-Авивдеги баш кеңсесине чакырды. Абу Марахил жана Ихаб Салама азем учурунда Израил делегациясынын мүчөлөрү менен кол алышып, төш белгилерди алмашышкан жана чогуу сүрөткө түшүшкөн[10].
Жеңил атлетика
түзөтүүБулактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 1.2 Khalidi, Raab
- ↑ Khalidi, Raab, pp. 1412-1413
- ↑ Israel Denounces Admission of PLO to Asian Olympic Panel. Los Angeles Times (30 September 1986).
- ↑ Olympic Profile: Atlanta 1996;For Palestinian Runner, Carrying Flag Is Glory Enough
- ↑ Al Batal Al Arabi(N°:42) (ар.). Arab Athletics Federation. Текшерилген күнү 23 -декабрь (бештин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedNYT
- ↑ Participation Is Palestinian's Prize. Chicago Tribune (25 July 1996).
- ↑ Palestine at the 1996 Summer Olympics. Olympedia.
- ↑ Police Impersonator Attended Ceremonies. The Spokesman-Review (23 July 1996).
- ↑ Major Strides, The Atlanta Journal-Constitution (27 July 1996).