Польшанын административдик-аймактык түзүлүшү
Польшанын административдик түзүлүшү үч деңгээлдүү: өлкө воеводдуктарга (пол. województwo), воеводдуктар поветтерге (пол. powiat), поветтер гминдерге (пол. gmina) бөлүнөт. 1999-жылы жаңы административдик бөлүнүш киргизилген. 2019-жылга карата Польшада 16 воеводство, 379 повет (65 шаардык + 314 айылдык) жана 2479 гминасы (306 шаардык + 602 айылдык-шаардык + 1571 айылдык) бар. Мурдагы административдик реформа 1975-жылы 1-июнда жүргүзүлүп, анда өлкө воеводстволорго (49) жана коммуналарга
Тарыхы
түзөтүү1946-жылы согуштан кийинки биринчи административдик бөлүнүү болуп, 14 воеводство жана 2 ири шаар (өз алдынча бирдик катары) пайда болгон: мамлекеттин борбору Варшава жана Лодзь. Воеводстволор 299 поветке, анын ичинде 29 шаардыктарга бөлүнгөн. Поветтер коммуналарга (гминага) бөлүнгөн, алардын саны 3000ден ашкан.
Эң чоңу Познань (Poznańskie) - 39,2 миң км², эң кичинеси - Гданьск (Gdańskie) - 10,7 миң км².
Калкынын көбү Силезия (Śląskie) - 2,823 миллион киши, эң кичинеси - Ольштын (Olsztyńskie) - 352 миң адам.
1950-жылы борборлору Кошалинде, Желона Гурада жана Ополеде болгон 3 жаңы воеводство пайда болгон. Бул административдик бөлүштүрүү 1975-жылдын 31-майына чейин дээрлик өзгөрүлбөстөн калган.
1975-жылдын 1-июнунда райондор жоюлуп, административдик структура уч ярустуудан эки ярустууга айланган. 49 воеводство, анын ичинде агломерацияларда 3 воеводство түзүлгөн: Варшавада (Warszawa), Лодзда (Łódź) жана Краковдо (Kraków). Минималдуу административдик бирдиктер 2345 гмин жана 814 шаар, ал тургай айрым ири шаарлардын айрым райондору болгон.
1999-жылдын 1-январынан тарта кайрадан воеводдуктарга, повяттарга жана гминаларга негизделген үч баскычтуу жаңы административдик-аймактык бөлүнүш күчүнө кирди. 1999-жылдын декабрынын аягында Польшада 38 миллион 654 миңге жакын адам жашаган. Калктын орточо жыштыгы 1 км² жерге 124 адамды түздү.
воеводдуктар
түзөтүүЖелеги | Белгиси | воеводдугу | Коду | Поветтер | Аянты[1],
км² |
Калкы[2],
адам (2016) |
Калктын жыштыгы
адам/км² |
Акимий борбору | Расмиий сайты |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Мазовия (пол. Mazowieckie) |
PL-MZ | 42 | 35 558,47 | 5 349 114 | 150,43 | Варшава (пол. Warszawa) |
[1] | ||
Төмөн Силезия (пол. Dolnośląskie) |
PL-DS | 29 | 19 946,70 | 2 904 198 | 145,59 | Вроцлав (пол. Wrocław) |
[2] | ||
Куявия-Померания (пол. Kujawsko-Pomorskie) |
PL-KP | 23 | 17 971,34 | 2 086 210 | 116,08 | Быдгощ (пол. Bydgoszcz) |
[3] | ||
Люблин (пол. Lubelskie) |
PL-LU | 24 | 25 122,46 | 2 139 726 | 85,17 | Люблин (пол. Lublin) |
[4] Archived 2011-07-22 at the Wayback Machine | ||
Любуш (пол. Lubuskie) |
PL-LB | 14 | 13 987,93 | 1 018 084 | 72,78 | Желона Гура (воеводдуктун сейминин орду) (пол. Zielona Góra) Гожув Велкопольски |
[5] | ||
Лож (пол. Łódzkie) |
PL-LD | 24 | 18 218,95 | 2 493 603 | 136,86 | Лож (пол. Łódź) |
[6] | ||
Кичи Польша (пол. Małopolskie) |
PL-MA | 22 | 15 182,79 | 3 372 618 | 222,13 | Краков (пол. Kraków) |
[7] | ||
Ополе (пол. Opolskie) |
PL-OP | 12 | 9 411,87 | 996 011 | 105,82 | Ополе (пол. Opole) |
[8] | ||
Асты Карпатия (Подкарпатье) (пол. Podkarpackie) |
PL-PK | 25 | 17 845,76 | 2 127 657 | 119,22 | Жешув (пол. Rzeszów) |
[9] | ||
Подляшия (пол. Podlaskie) |
PL-PD | 17 | 20 187,02 | 1 188 800 | 58,88 | Белосток (пол. Białystok) |
[10] | ||
Померания (пол. Pomorskie) |
PL-PM | 20 | 18 310,34 | 2 307 710 | 126,03 | Гданьск (пол. Gdańsk) |
[11] | ||
Ыйык Чырым (пол. Świętokrzyskie) |
PL-SK | 14 | 11 710,50 | 1 257 179 | 107,35 | Келце (пол. Kielce) |
[12] | ||
Силезия (пол. Śląskie) |
PL-SL | 36 | 12 333,09 | 4 570 849 | 370,61 | Катовице (пол. Katowice) |
[13] | ||
Улуу Польша (пол. Wielkopolskie) |
PL-WP | 35 | 29 826,50 | 3 475 323 | 116,51 | Познань (пол. Poznań) |
[14] | ||
Вармия-Мазурия (пол. Warmińsko-Mazurskie) |
PL-WN | 21 | 24 173,47 | 1 439 675 | 59,55 | Ольштын (пол. Olsztyn) |
[15] | ||
Батыш Померания (пол. Zachodniopomorskie) |
PL-ZP | 21 | 22 892,48 | 1 710 482 | 74,71 | Шчечин (пол. Szczecin) |
[16] | ||
Польша Республикасы (пол. Rzeczpospolita Polska) |
PL | 379 | 312 679,4
|
38 525 670
|
123,21
|
Варшава (пол. Warszawa) |
[17] |
Шилтемелер
түзөтүү- ↑ Powierzchnia i ludność w przekroju terytorialnym w 2016 r.(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Powierzchnia i ludność w przekroju terytorialnym w 2016 r.(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).