Поляк көтөрүлүшү (1794) - Пруссия менен Орусия падышалыгынын интервенциясынын жана Тарговца конфедерациясынын козголоңунун натыйжасында бийликти басып алган магнаттык реакциячылар менен баскынчыларга каршы улуттук-боштондук көтөрүлүш.

Ал төрт жылдык сейм (1788-92) баштаган реформаны улантуу, 1772 жана 1793-жылдагы зордук менен бөлүнгөн поляк жерин кошу жана Польшанын улуттук көз карандысыздыгын калыбына келтирүү урааны менен чыккан.

24-мартта Краковдо башталган көтөрүлүшкө Тадеуш Костюшко жетекчилик кылган. 4-апрелде Рацлавицтин жанында падыша аскерлерин талкалоодо дыйкандар чечүүчү роль ойноп, шаардыктар Варшаваны (17-18-апр.), Вильнону (22- 23-апр.) бошоткон. Шляхтардын кысымынан улам жарыяланган Костюшконун Поланец универсалы (1794) дыйкандарды канааттандырбай, көтөрүлүштөн четтеткен.

9-май - 23-июнда. Варшавада поляк якобичилер баштаган элдик көтөрүлүш чыгып, ал мурда басып алган поляк жеринде да кулач жайган. Ушундай кырдаалда кыйла артыкчылык кылган орус аскерлери (командачы А. В. Суворов) менен пруссиялыктар көтөрүлүштү баскан. Көтөрүлүштүн жеңилиши менен Польша 3-жолу бөлүнүп (1795), поляк мамлекети толук жоюлган.

Поляк көтөрүлүшү жеңилсе да, эл массасынын баатырдыгы, прогрессчил саясаты поляк элинин кийинки улуттук-боштондук күрөшүнө таасир берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.