Омелян Иосифович Прицак (укр. Омелян Йосипович Пріцак, Omeljan Pritsak; 07.4.1919 - 29.5.2006) - чыгаан украин чыгыш таануучусу, профессор. Ал түрколог, славист, кашгари таануучу болгон.

Омелян Прицак.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Омелян Иосифович Прицак 1919-жылы 7-апрелде Батыш Украинадагы Львов облусуна караштуу Самбор районундагы Лука шаарында туулган.

Тернополдо гимназияны бүтүргөн соң, Львов шаарындагы университетке тапшырат. Анда Украина тарыхы жана чыгыш таануу адистиктери боюнча таалим ала баштайт. Анын алгачкы устаты – профессор Иван Крипьякевич болгон.

1940-жылы Прицак мырза Киевге келип, академик Агатангел Крымскийдин аспиранты болуп калат.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында ал оор жаракат алып, туткунга түшөт.

Берлин шаарында эрксизден остарбайтер болуп иштеп жүрүп, тааныш чыгыш таануучулар аркылуу илимге кайтып келет.

Немис арабисти Рихард Гартмандын сунушуна ылайык ал Берлин университетине кабыл алынат.

Бул университеттен соң ал Гөттинген университетинде таалим алып, диссертация коргойт да, ушул университетте окутуучу болуп иштеп калат.

1957-жылдан соң Гамбург университетинде профессор кызматын аркалайт.

Ошол жылдары ал Кембриж, Краков, Варшава, Гарвард университеттерине келип-кетип дарс окуп турган.

1964-жылы ал Гарвард университетинин чакырыгына ылайык АКШга көчүп, аталган университетте жалпы лингвистика жана түркология тармагындагы профессор болуп иштеп калат.

Анын негизги илимий ишмердиги Германияда жана АКШда жашаган жылдарга туура келет.

Советтер Биримдиги кулаган соң, аны Украина Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу институтунун директору кызматына чакырышкан. Прицак бир нече жыл бул кызматты аркалаган.

Саламаттыгына байланыштуу кайра АКШга кайткан.

Профессор О.Прицак 2006-жылы 29-майда АКШнын Массачусетс штатындагы Бостон шаарында дүйнөдөн кайткан.

Кашгари таануудагы салымы түзөтүү

Омелян Прицак айтылуу энциклопедиячы окумуштуу Махмуд ибн Мухаммед ал-Кашгари Барскани жана анын өмүр таржымакалы тууралуу бир катар олуттуу макалаларды жазган.

Ал Махмуд Кашгаринин 1029-1038-жылдардын аралыгында азыркы Кыргызстандагы Ысык-Көлдүн боюндагы Барскан шаарында туулгандыгы тууралуу жоромолду сунуштаган.

Наамдары. Сыйлыктары түзөтүү

1990-жылы Украина Илимдер Академиясынын чет элдик мүчөсү болуп шайланган.

Пост-советтик Украинада академик катары сый-урматка ээ болгон.

Прицак АКШнын Илм жана өнөр улуттук академиясынын мүчөсү, Латвия, Түркия, Финляндия академияларынын мүчөсү болгон.

Ал көптөгөн университеттердин ардактуу доктору, Кыргыз Тарых Коомунун ардактуу мүчөсү (1995) болгон.

Негизги чыгармалары түзөтүү

  • The origins of the Old Rus' weights and monetary systems: Two studies in Western Eurasian metrology and numismatics in the seventh to eleventh centuries. Cambridge, Mass.: Distributed by Harvard University Press for the Harvard Ukrainian Research Institute, 1998.
  • From Kievan Rus' to modern Ukraine: Formation of the Ukrainian nation (with Mykhailo Hrushevski and John Stephen Reshetar). Cambridge, Mass.: Ukrainian Studies Fund, Harvard University, 1984.
  • Khazarian Hebrew documents of the tenth century. (with Golb, Norman). Ithaca: Cornell University Press, 1982.
  • "The Polovcians and Rus'" (Journal Article in Archivum Eurasiae medii aevi), 1982.
  • The origin of Rus'. Cambridge, Mass.: Distributed by Harvard University Press for the Harvard Ukrainian Research Institute, 1981.
  • Studies in medieval Eurasian history London: Variorum Reprints, 1981.
  • On the writing of history in Kievan Rus. Cambridge, Mass.: Ukrainian Studies Fund, Harvard University, 1980.
  • The Khazar Kingdom's Conversion to Judaism. (Journal Article in Harvard Ukrainian studies, 1978)
  • The Pechenegs: A Case of Social and Economic Transformation (Journal Article in Archivum Eurasiae medii aevi), 1975
  • Two Migratory Movements in the Eurasian Steppe in the 9th-11th Centuries. (Conference Paper in Proceedings : Proceedings of the 26th International Congress of Orientalists, New Delhi 1964, Vol. 2)
  • The Decline of the Empire of the Oghuz Yabghu (Journal Article in Annals of the Ukrainian Academy of Arts and Sciences in the United States), 1952.
  • Пріцак, Омелян. Походження Русі. Стародавні скандинавські джерела (крім ісландських саг). – Т.І. – К.: Обереги, 1997. – 1080 с.
  • Пріцак, Омелян Походження Русі. Стародавні скандинавські саги і Стара Скандинавія. – Т. II. - К.: Обереги, 2003 – 1304 с.

Ал тууралуу адабият түзөтүү

  • Портнов А. Історiї iсторикiв. Обличчя й образи української iсторіографїї ХХ столiття. Київ: Критика, 2011, с.185-199.
  • Чоротегин Т. Чэкайэмо на вас Бишкеку! // Нуска. – 1995. - № 3. – Октябрь. – Б. 3.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү