Рио-Негро (исп. Rio Negro) – Түштүк Америкадагы эки дарыя.

  1. Аргентинадагы дарыя. Патагониянын түндүгүндө Анд тоолорунан башталган Неукен жана Лимай дарыясынын кошулушунан пайда болот. Узундугу Неукен дарыясынын башталышынан тартып 1300 кмдей, алабынын аянты 146 миң км2, Патагониянын кургакчыл түздүгү аркылуу агып, Атлантика океанына куят. Орточо чыгымы 950 м3/секдай. Айрым жерлеринде кеме жүрөт;
  2. Уругвайдагы дарыя (башаты Бразилияда), Уругвайдын сол куймасы. Узундугу 500 кмдей. Алабынын аянты 70,6 миң км2. Орточо чыгымы 700 ж3/секдай. Ортонку агымында Рио-Негро ири суу сактагычы, ГЭС курулган. Мерседес шаарынан баштап кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү