Руда кендери - өлчөмү, сенаты жана жер кыртышында жаткан шарты боюнча казып алууга арзырлык руда тулкулары.

Руда кендери жер кыртыпшн түзүүгө катышкан бардык геол. процесстерде пайда болушу мүмкүн. Руда пайда болуу процесси стадия жана этаптарга бөлүнөт. Ар бир стадияда руданын бир минералдык ассоциациясы бөлүнүп, алардын ортосунда тектоникалык тыным болот. Бир генезис процессине (мис., Гидротерм кендери) таандык бир нече стадия руда пайда болуунун этабын түзөт.

Составындагы металлдардын түрлөрүнө жараша Руда кендери кара, жеңил, түстүү, асыл, сейрек, радиоактивдүү металлдардын, ошондой эле чачынды элементтердин кендерине ажыратылат. Кара металлдардын Руда кендерине темир, марганец, хром, титан жана ванадийдин кендери кирет. Бул кендердин эң ирилеринин запасы миллиарддаган тоннага жетип, металлдын өлчөмү ондогон процент болот.

Жеңил металлдардын Руда кендери дерин алюминий кендери түзөт. Алюминий рудасынын басымдуу үлүшүн боксит берет. Түстүү металлдардын Руда кендери не жез, коргошун менен цинк, кобальт, никель, сурьманын кендери кирет.

Эң ири кендеринин запасы ондогон тоннадан жүздөгөн тоннага жетип, металлдын өлчөмү 10%ке чейин болот. Сейрек металлдардын Руда кендерин калай, вольфрам, молибден, сымап, бериллий, тантал жана ниобийдин кендери түзүп, алардын эн ири запасы жүздөгөн мин тоннага жетет да, рудадагы металлдын өлчөмү 10%тен ашпайт. Радиоактивдүү металлдардын Руда кендери не урандын жана торийдин кендери кирет.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.